Сатылып кеткен 6 айлык наристе Талас облусунан табылды



Сатылып кеткен 6 айлык наристе Талас облусунан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун кызматкери аталган окуя боюнча милицияга кайрылган. Анда ал балдар үйүнүн 17 жаштагы тарбиялануучусу 6 айлык баласын сатып жибергенин айткан.
Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, ымыркай Талас облусунан табылды. Иликтөөнүн жүрүшүндө наристенин апасы сойкулук менен алектенгени белгилүү болду. Ошондой эле ал Наргиза жана Гулиза аттуу курбу кыздары менен биргеликте баласын 20 миң сомго сатып жиберишкен. Алган акчаны туулган күн өткөрүүгө, кийим алууга коротушкан. Учурда аталган окуя боюнча материалдар топтолуп, Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

1. Эненин жашы 17де, жашы жете элек, б.а. мектепти аяктай элек экен.
2. Балдар үйүндө болсо, тарбиячылар карашкан эмеспи, балалуу болгуча?
3. Кайсы убакта ал кыз жаман иштер менен алек болот, же балдар үйүндө көзөмөл жокпу, ээн-эркин жүрүшөбү, каалаганын кылып?
Коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү жазуугы тыюу салынат.
Dagy jakshy musorgo yrgytpai, bir ui bulogo beriptir...
Eh ... biroogo zar bala, biroogo kor bala...