super.kg logo

Жылнаама, 28-апрель: Мындан 11 жыл мурун Кыргызстан "7 жакыр өлкөнүн ичинен эң коррупцияланган өлкө" деп табылган

 
* Эл аралык эмгек уюмунун (МОТ) 2001-жылкы чечимине ылайык, 28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгек укугун коргоо күнү катары белгиленет. Эл аралык эмгек уюму жумушчу орунундагы өлүмдүн санын азайтуу үчүн иш маданиятын арттыруу максатында атайын майрамдык жөрөлгө уюштурган. Бул уюм мындай кадам аркылуу дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруу максатын көздөгөн. Уюмдун тактоосуна караганда, дүйнө боюнча иш орунундагы кырсыктан ар күнү болжол менен 5000, бир жылда 2-2,3 миллион адамга чейин өлүмгө дуушар болушат. Ошондой эле жыл сайын 270 миллион адам жаракат алат.
* Мындан 44 жыл мурун, 1970-жылы V чакырылыштагы ЖКнын депутаты, Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын лидери Назарали Арипов Баткен облусунун Лейлек районундагы Кара-Булак айылында туулган.
Назарали Арипов 1990-1992-жылдары Орусиянын Тольятти шаарындагы Техникалык колледжде окуган. Ал эми 2001-жылы Ош технологиялык университетинин жол кыймылын уюштуруу бөлүмүнүн жол кыймылы боюнча инженер адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1990-жылдары Тольятти шаарындагы автомобиль чыгаруучу заводдон жүк ташуучу болуп баштап, 1992-жылга чейин иштеген.
1994-1997-жылдары Ош шаарындагы «Эрдик» менчик ишканасынын директору, 1997-2000-жылдары жеке ишкер, 2001-2003-жылдары "Прагма-ИНК" ЖЧКнын директору, 2003-2009-жылдары "Гефест" ЖЧКнын жетекчиси болгон.
Назарали Арипов 2007-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп, 2009-2010-жылдары КРнын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош шаардык башкармалыгынын директору болгон. Ал эми 2010-жылы "Республика" партиясынын тизмеси аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган. Назарали Арипов Жогорку Кеӊештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
* 25 жыл мурун, 1989-жылы "Ак-Өргө city" командасынын мүчөсү, "тамашоучу" Эмил Эсеналиев Нарын районундагы Он-Арча айылында туулган.
Бишкек шаарындагы Ак-Өргөө конушунда жашап, ал жактагы достору менен "Тамашоу" долбооруна катышуу максатында "Ак-Өргө сity" командасын түзүшкөн. Ал команда 2008-жылы 1-ноябрда "Тамашоунун" алгачкы оюнуна катышып, Эмил Эсеналиев 2-оюндан тарта аралаша баштаган.
* Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы Кыргызстан "КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги 7 жакыр өлкөнүн эң коррупцияланган өлкөсү" деп табылган. Бул маалыматты Эл аралык валюталык фонду, Дүйнөлүк банк, Европа өнүгүү банкы жана Азия банкы биргелешкен отчётунда чыгарган. 
Жылнаама толугу менен бул жакта...

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.04.2014. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mir89kg - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
28.04.2014. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакырбыз, аныбыз аз келгенсип эн эле коррупциялашкан олкобуз. (((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: