super.kg logo

Ырчы Назми кызы Алиманын тушоо кесүү тоюнда ага арнап боз үй тиктирди (фоторепортаж)

 
Тойдо алып баруучулук милдетти Мирлан Жетигенов, Эльмара Тусуналиева, Нурдөөлөт Копоев, Айбек Асанбек уулу аркалашты.
Тойдун ээлери кичинекей Алиманы жетелеп алышып элди аралап чыгышты.
Тойго ырчы Бактыгүл Закирова (Бадыева) жолдошу Алмаз мырза менен келди.
Жаныш Момунов жана Фарида Карбосова ардактуу меймандардын катарын толукташты.
Ырчы Гүланда Назминин жакшылыгы менен тең бөлүштү.
Нурдөөлөт Копоев жубайы менен.
Тойго келген коноктор көңүлдүү отурушту.
Байыш Момунов, Борончу Кудайбергенов жубайы менен.
Тойго келген Айбек Карымов, Мерген Турган уулу Бексултан менен.
Байыш Момунов кызы менен бийлеп жатат.
Тойдун күнөөкөрү кичинекей Алима.
Алима эжекеси Альбина менен.
Алиманын таятасы, таенеси, чоң атасы, чоң апасы анын жакшылыгына күбө болушту.
Алима эл аралап жүгүрүп ойноп жүрдү.
Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын артисттери Алиманын тууру бекем болсун деп боз үй тигип жатышат.
Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын артисттери Алиманын тууру бекем болсун деп боз үй тигип жатышат.
Боз үй тигүү учурунан.
Мындай өзгөчө жөрөлгө тойго келген коноктордун көңүлүн бурду.
Бир маалда кыргыздын улуттук кийимин кийген Назминин үй-бүлөсү эл алдына чыга келишти.
Ырчынын үй-бүлөсүн коноктор кол чабуу менен тосуп алышты.
Коноктор Алиманын тушоосун кесүү үчүн сыртка чыгышты.
Алиманын бутуна жип байланып, тушоосун кесүү үчүн алгач жаш балдар чуркашты.
Салт-санаага ылайык, биринчи эркек балдар чуркашып, кыздын тушоонун кесишти.
Тушоо кесүү учурунан.
Алиманын тушоосун кескен бала уюлдук телефон белекке алды.
Биринчи жана экинчи келген азаматтар Алманы жетелеп бастырышты.
Кыздар да балдардан кем калышпай чуркап, өзгөчө белектерге ээ болушту.
Ырчылар баш болуп жүгүргөн эркектер тобу.
Эркектердин арасынан биринчи келген Мерген Тургандын уулу Бексултан шахмат менен сыйланды.
Жүгүрүүдө акыркы келишкен Фарида Карбосова менен Мерген Турган таш бака оюнчугун белекке алышты.
Байгеге коюлган улуттук колориттеги буюмдар.
Тойдун жүрүшүнөн.
Тушоосу кесилген Алима келечекке ишенимдүү кадам таштады.

Ырчы Назми 27-апрелде борбор калаадагы тойканалардын биринде экинчи кызы Алиманын тушоо кесүү тоюн өткөрдү. Ырчыны бул жакшылыгы менен туугандары, кайын журту, аяштары, сахналаштары Бактыгүл Закирова (Бадыева) жолдошу Алмаз менен, Байыш жана Жаныш Момуновдор, Борончу Кудайбергенов, Нурдөөлөт Копоев, Айбек Карымов, Гүланда, Фарида Карбосова, Мерген Турган келип, куттук сөздөрүн айтышты. 

Тойдо алып баруучулук милдетти Мирлан Жетигенов, Эльмара Тусуналиева, Нурдөөлөт Копоев, Айбек Асанбек уулу аркалашты. Алар кичинекей Алиманы жетелеп, элди аралап чыгышты.

Той ортолоп калганда Кыргыз улуттук филармониясынын артисттери кичинекей Алимага келечеги кең, турмушу бекем болсун деген ак тилек менен боз үй тигишти. Албетте, бул күнү Алиманы жарык дүйнөгө алып келген ата-эненин кубанычында чек жок болду. Келген конокторду күлүп-жайнап тосуп алып, жагымдуу маанай тартуулап отурушту.

“Улуу кызым Альбинанын тушоо тоюн бергенде ыраматылык Бакыт Букаев алып барган. Ал атайын сценарий түзүп, өзгөчө той өткөргөн элек. Экинчи кызым Алиманын да тушоо тоюн кызыктуу, кыргыздын каада-салтына ылайык өткөрүүгө аракет кылдык. Жолдошум Кыргыз улуттук филармониясынын режиссёру Алтынбек Максүтов менен сүйлөшүп, атайын сценарий түзүштү. Биринчи той өткөргөндө аябай сүрдөгөн элем. Тажрыйбалуу болуп калсам керек, бул жолу көп кыжалат болгон жокмун”,- дейт кубанычы менен тең бөлүшкөн ырчы Назми.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(21)
28.04.2014. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактыгуль Бадыева толуп кеткен гоо
28.04.2014. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Akshumkar, толук эле болчу
28.04.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун болуптур го, бактылуу кыздардан болсун!
28.04.2014. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чынын айтсам Кыргызстанда "Той көп болсо,Каада көп"демекчи.Ушундай кичик тойлорду ашаамат менен өктөрүү күч алыптыр.Мейли,Акчасы барлар го өткөрө беришсин.капчыгы жукалар да буларга теңелгиси келип Куру намыс баш жарып жатканын байма-бай ММК лардан көрүп,угуп келебиз.Бизде(Кытайда)Президенттен баштап,Ысрапкордукка каршы туруу саясаты күчөп закон ишке киришип жакшы иштеп жатат.Бул саясатты актаруу үч&#
28.04.2014. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shamkol, менин оюмду жазыпсын!балии!
28.04.2014. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу кыздардан болушсун. Уй булолук Бакыт. Калоо тилек менен бирге сын пикир айта кетпесем болбос. Талант мырза (Назминин жолдошу) джинсы шым ак футболка эмес башка соонун форма кийсе болмок. Назми татына болуп калыптыр
28.04.2014. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашоого койгон кадамы байсалдуу болсун
28.04.2014. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бек байкебиз келген эмес го,же чакырбай койдубу,Назминин тушоосун Бек кести эле го.
28.04.2014. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омуру узун , келечеги кен , ыймандуу кыздардан болуп чонойсун !
28.04.2014. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун болуптур, Сенатордо болсо керек :)
28.04.2014. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyzy myncha shiriiiiin, koz tiibesin sonun ui bulolordon eken toidu da ayabai jakshy uiushturushuptur
28.04.2014. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырчы жана обончу Озгондук Туратов Алмазбек да журобу арасында.
28.04.2014. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazminin tepkichten tuwup kele jatkan sutotto bawka ayalinin baldari okwoyt ee?
28.04.2014. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bokenin ayali ozunon uluu korunot eken...
28.04.2014. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактыгул эжекебиз толуп кетиптир гоо
28.04.2014. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulperi.kg, толуп кеткени токчулуктун белгисида
28.04.2014. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгул Закированы Жамиля Муратова эжебизге окшоштуруп койдум суротунон.
28.04.2014. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мурда тушоо кестиге жон эле борсок чачып, кичине кыз-балдар чуркашат эле ал эми азыркы кезде тушоо кести чон тойгоо айанып кетти булда чыгаша.Башка улуттар бизден жакшы жашашат бирок аларда чыгаша биздикинен аз.
28.04.2014. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
назми концерт бергендей эле болуптур го. ашыкча!!!!!!!!!!
28.04.2014. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой-ё Бакуля, Гулянда и конечно же Назми эжелер так поправились, Алар жаш го али. ХХХ Копоевдин келинчегине болушуп коюшунар керек экен...
Модератор admin_portal түзөттү 29.04.2014 09:50
29.04.2014. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
madina.00 - эскертүү!
Кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: