super.kg logo
  Спорт  

Ошто ордо боюнча өткөн “Алтын томпой” мелдешин Бишкек шаарынын командасы утуп алды

 
Мелдешти КРнын Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору жана Ордо оюну боюнча федерациясы биргеликте уюштурган.
Бишкек шаарынын командасынын өкүлдөрү сыйлыктарын алышууда.
Бишкек шаарынын командасынын өкүлдөрү сыйлыктарын алышууда.
3-орун Ош облусунун командасына тийди.
Байгелүү орун ээлери.

Кечээ, 27-апрелде Ош шаарында Муса Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде ордо оюну боюнча Эл аралык “Алтын томпой” Кубогуна арналган мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдешке Ош, Нарын, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын жана Ош, Бишкек шаарларынын командалары катышты. 1-орунду Бишкек шаарынын командасы ээлесе, 2-орун ээси Ош шаарынын командасы болду. Байгелүү алдынкы 3 орундун бирин Ош облусунун командасы ээледи.

КРнын Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору жана Ордо оюну боюнча федерациясы уюштурган мелдештин жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: