super.kg logo

Өрткө каршы кызматы Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринде машыгуу өткөрдү (фоторепортаж)

 
Машыгуу иштеринин алдында
"Берекет Гранд" соода борборунун алдына токтотулган унаалар өрт өчүрүүчү унаалардын убактысын алгандыгы айтылды.
Өрт тууралуу маалыматтан кийин өрт өчүрүүчүлөр 15 мүнөттө келишти.
Өрт өчүрүүчүлөр суу чачуучу ийкем түтүктөрдү чубап жатышат.
Өрт өчүрүүчүлөр иш үстүндө.
Өрт реалдуу болгон мезгилдерде унаанын капоту ачылышы кажет. Мотор салкындатылып туруусу шарт.
Павлов көчөсү тараптан келген өрт өчүрүүчү унаа жол боюнда токтотулган унаалардын арасында турду.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн ишине тоскоолдук жараткан айдоочулар да болду.
Өрт бул килем сатылуучу жер төлөдө чыкты деп болжонду.
Машыгуунун жыйынтыгында.
Бишкек шаардык өрткө каршы кызматынын жетекчиси кызматкерлерге алардын катачылыктарын санап жатат.
Машыгуу бүттү.

Бүгүн, 28-апрелде Өрткө каршы мамлекеттик кызматы Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринде машыгуу өткөрдү. Анда "Берекет Гранд" соода түйүнүндө чыккан өрт тууралуу маалымат 10:15те келип түштү. Өрткө каршы кызматынын кызматкерлери өрт чыкты делген жайга 10:30да келип калышты. Өрт соода түйүнүнүн жер төлөсүндөгү килемдер сатылуучу бөлүгүнөн чыкканы белгилүү болду. Өрткө каршы кызматы өрт өчүрүүчү 3 унаа менен келишип, Павлов, Кулиев көчөлөрү тарабынан жана аталган соода борборунун алдынан өрткө каршы чара көрүштү.

Бишкек шаардык өрткө каршы кызматынын жетекчиси З.Алжанов: “Аталган окуу иш-чарасында реалдуу өрт чыгып кетсе, кандай чара көрүлүш керектигин аныктайбыз. Реалдуулукка болушунча жакындатканга аракет кылабыз”,- деди. Иш-чаранын аягында Алжанов бир катар өрт өчүрүүчү кызматкерлерине сын айтып, алардын катасын көрсөтүп берди.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: