super.kg logo

Бишкектин түптөлгөн күнүнө арналган концерт өтөт

 

Эртең, 29-апрелде баш калаадагы соода борборлорунун биринде Бишкектин түптөлгөн күнүнө арналган концерт өтөт. Бул тууралуу уюштуруучу Жамийла Андашова бүгүн, 28-апрелде билдирди.

“Иш-чара шаар тургундарынын, айрыкча жаштардын Бишкек тууралуу маалыматын жогорулатат. Мында жаш таланттар шаардын пайда болгон датасын белгилешет жана ага болгон сүйүүсүн ырлары аркылуу билдиришет”,- деди уюштуруучу өз сөзүндө.

Концерттин программасына ылайык, Бишкек темасында хип-хоп сынагы өтөт. Ошондой эле ырчылар Баястан, Бегиш, “7Gen”, “AiBoy”, “L'Zeep”, “Белый”, “Digital Beats” топтору, “We'll Be” бий тобу жана башкалар катышышат.

Маалымат үчүн айта кетсек, 1925-жылы азыркы Бишкек шаарында Мадали хандын буйругу менен Пишпек-Кокон сепили курулган. 1868-жылдын 29-апрель күнү Пишпек шаары түптөлүп, Чүй өрөөнүндө ири гарнизон жайгаштырылган. Сепил Ысык-Көл жана Жети-Арык жолдорунун кесилишинде орун алган. Ал жерде кокондуктар кербендерден салык алышчу. Эки жолу, 1860-жылдын 4-сентябрында жана 1862-жылдын 24-октябрында орус аскерлери сепилди тартып алышкан. 1862-жылы сепил кыйрап, анын ордуна казактар жайгашып, кийин базар боло баштаган. Ошентип, 1868-жылы Пишпек кыштагы түптөлгөн.

Ал эми 1879-жылы 29-апрелде Пишпек расмий түрдө шаар статусуна ээ болгон. 1926-жылы 12-майда Фрунзе, 1991-жылы 1-февралда Бишкек болуп өзгөртүлгөн. 

Акыркы жылдары Бишкек шаарынын күнү күз мезгилинде белгиленип келет. Быйыл БШКнын 10-сессиясында шаар күнүн белгилөө сентябрь айынын акыркы ишембисине, 27-сентябрга белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: