Чүйдө "23 жаштагы айымды зордуктоого аракет кылган" деген шек менен 57 жаштагы жаран кармалды
57 жаштагы Таш-Дөбө айылынын тургуну "23 жаштагы айымды зордуктоого аракет кылган" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, укук коргоо кызматкерлерине 1991-жылы туулган айым кайрылып, 26-апрелде Таш-Дөбө (ред. мурунку Воронцовка ) айылынын аймагынан саат 9:45 чамасында белгисиз адам күч колдонуп зордуктоого аракет кылгандыгы тууралуу айткан. Бул боюнча жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында Таш-Дөбө айылынын 1957-жылы туулган тургуну аталган кылмышка шектүү катары кармалган. Учурда иликтөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Заман адамды эмес, адам заманды бузуп жатат.
Курамы окшош сайттарга шилтеме берүүгө тыюу салынат.