Гүлжигит Калыков, Тынай Алыбаев, Юлия Руцкая, Гүлзада Рыскулова, Салтанат Аширова, Марат Ибраев Конституция тууралуу ыр ырдашат






Кыргыз ырчылары Тынай Алыбаев, Гүлжигит Калыков, Гүлзада Рыскулова, Юлия Руцкая, Салтанат Аширова, Марат Ибраев 5-Май - Кыргызстандын Конституция күнүнө арналган ырды ырдап, клип тартышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде ырчы Гүлзада Рыскулова билдирди.
"Бул ыр "Конституция - менин тумарым" деп аталат. Сөзү Аалы Молдоканов менен Авланбек Жумабаевге, обону Нурдин Төрөбековго таандык. Кечээ, 27-апрелде клип толугу менен тартылып бүттү. Күн ысык болгонуна, чарчаганыбызга карабай тартуу иштери кызыктуу жүрдү. Сөзү, обону да мага аябай жакты. Буюрса, бул чыгармабызды 5-май күнү уга аласыздар. Бул ырды кесиптештерим Тынай Алыбаев, Гүлжигит Калыков, Салтанат Аширова, Юлия Руцкая, Марат Ибраев болуп чогуу ырдайбыз",- дейт ырчы.
Аны менен катар Гүлзада Рыскулова "Толгонуу" ырына клип тарттырып, элге сунуштоо алдында турганын кабарлады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Клиби: http://www.super.kg/media/uservideo/118627/
Аудио: http://www.super.kg/media/audio/120187/