Аламүдүн районунун тургуну өз каалоосу менен укук коргоо органдарына ок атуучу куралын өткөрүп берди
Аламүдүн районунун 33 жаштагы тургуну өз каалоосу менен укук коргоо органдарына ок атуучу куралын өткөрүп берди. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-апрелде билдирди.
Маалыматтарга караганда, 33 жаштагы жаран мергенчиликке ылайыкталган мылтыкты өзү укук органдарына алып келип берген. Анын айтымында, аталган курал анын чоң атасынан калган. Учурда курал текшерүүгө жөнөтүлдү.
Айта кетсек, ИИМ өз каалоосу менен ок атуучу куралдарды укук коргоо органдарына тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылбай тургандыгын эскертет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.