super.kg logo

Улуу британиялык дыйкан 27 килограммдык түстүү капуста өстүрдү

 

Улуу британиялык багбан Питер Глейзбрук 27 килограмм 485 грамм түстүү капуста өстүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жашылча эксперттер тарабынан таразага тартылып, ченелген. Алардын изилдөөсү боюнча, бул дүйнөдөгү эң чоң түстүү капуста деп табылды. Буга чейин чоң көлөмдөгү капуста 1999-жылы британиялык дыйкан тарабынан өстүрүлүп, анын салмагы 24 килограмм 600 граммды түзгөн жана ал "Гиннесстин рекорддор китебине" катталган. 

Азырынча Глейзбрук бул жашылчасын "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизүү үчүн арыз жаза элек. Ал буга чейин да ири көлөмдөгү кызылча, пияз, помидор өстүрүп, бир нече көргөзмөлөргө катышкандыгы белгилүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.04.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оххоо)
29.04.2014. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах жаратып остурду да,бул киши себепкер да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: