super.kg logo

Улуу Британия тоокторго арналган күрмө тигип чыгарышты

 

Улуу Британиядагы жаныбарлардын кийимдерин тигүүчү "Omlet" компаниясы эми тоокторго арнап инновациялык күрмө тигип, сатыкка чыгарышты. Атайын термоматериалдан тигилген бул күрмө канаттууларды сууктан, жамгырдан, ысыктан сактайт. Ошондой эле бул күрмөгө түнкүсүн жарык берүүчү атайын кездеме да кошо тигилген. Ал караңгыда калган тоокторду табууга жана жол кырсыктарынан сактоого жардам берет экен. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматта компаниянын директору Йоханс Пол учурда 15 доллардан сатылып жаткан бул кийимге элдин суроо-талабы жогору болуп жатканын айткан. Анын айтымында, мындай кийимди дароо эле ойдогудай тиге алышкан эмес. Алгачкы тигилген партиясы канаттууларга ыңгайсыздык жаратып, алардын эркин жүрүүсүнө тоскоолдук кылган. Мындан улам дизайнерлер азыркы үлгүнү иштеп чыгууга мажбур болушкан. Текшерүүдөн соң бул үлгүдөгү күрмөнү кийген активдүү тооктордун да ысып, тердебегендиги аныкталган.  

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
29.04.2014. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жетишкен өлөк болсо ушул экен да, ээ? Кыргызстан тырмактай жаш балдарына кам көрө албай жүрөт го...
29.04.2014. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Хахаха тоокторго он беш доллардан кийим алып берсен Бизде бир тоок он беш доллар турбайтго тоогун жоголуп кетсе жок дегенде кийимин таштап койгула деп издеп журупсунда
01.05.2014. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirbakg, ))))))))) чыын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: