super.kg logo

Тарых музейинде “Кыргызстан менен Орусиянын достугунун башталышы” аттуу көргөзмө өтүүдө (фоторепортаж)

 
Орусиянын императору Екатерина ll Алексеевна. Ал 1786-жылы кыргыз элчилигин кабыл алган.
Ысык-Көлдүн манабы Боромбай Бекмуратов. 1855-жыл.
Бугу уруусунун манабы Качыбек Шералин. 1855-жыл.
Орто Азияны изилдөөчү Семёнов Тянь-Шанский. 1856-жыл.
Орто Азияны изилдөөчү Пржевальский акыркы экспедициясына катышкан окуучулары менен. Революцияга чейинки мезгил.
Памирлик кыргыз мергенчилери. Революцияга чейинки мезгил.
Кыргыз аңчылары зоол менен. Революцияга чейинки мезгил.
Боз үйдүн ички көрүнүшү. Революцияга чейинки мезгил.
Чумыш аскасында жайгашкан боз үйлөр. Революцияга чейинки мезгил.
Кыргыз аялдары кийиз жасоо маалында. Революцияга чейинки мезгил.
Кыргыздар көчүү маалында. Революцияга чейинки мезгил.
Музыкалык аспапта ойногон кыргыз. 1912-жыл.
Жети-Суу облусунун биринчи губернатору Колпаковский. 1889-жыл.
Алай ханышасы Курманжан датка. 1907-жыл.
Чүйлүк кыргыздардын манабы Байтик Канаев. 1862-жыл.
Наманган уездинин чаткалдык кыргыздары.
Ошотогу мечиттин сырткы көрүнүшү. 1899-жыл.
Көргөзмөгө коюлган документтер.
Кыргыз аялы арпа-буудайды сокуда тазалап жатат.
Жаргылчакка буудай тарткан кыргыз аялы.
Жети-Сууда жашаган бай кыргыздар.
Кыргыздын сулуу кызы. 1915-жылы.
Темир комузда ойногон кыргыз аялы.
Кыргыз кыздары. 1911-жыл.
Чу дарыясынын жээгинде жайгашкан кыргыздар. 1911-жыл.
Пишпек шаарынын герби. 1908-жыл.
Соң-Көлдүн жээгинде өрмөк согуп жаткан айым.
Пржевальскийдин эстелигинин ачылыш аземи. 1894-жыл, 26-июнь.
Пржевальск шаарынын интеллигенттери. 1910-жыл.
Азыркы Фрунзе-Исанов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан дарыкана. 1890-жыл.
Сарбагыш уруусунун манабы Шабдан Жантаев. 1980-жыл.
Көргөзмөгө коюлган экспонаттар.

25-апрелден тарта Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде “Кыргызстан менен Орусиянын достугунун башталышы: 18-кылым жана 20-кылымдын башталышы” аталышындагы илимий көргөзмө өтүүдө. Көргөзмө Кыргызстандагы Орусия кызматташтыгы, КРнын Борбордук мамлекеттик кино жана фотодокументтердин архиви, Ысык-Көл облустук мамлекеттик архиви, Кыргыз мамлекеттик тарых музейи тарабынан уюштурулган.

Орусия жана Кыргызстандын кызматташуусунун башталышында Екатерина ll, Алай ханышасы Курманжан датка, кыргыз манаптары Атаке баатыр, Боромбай Бекмуратов, Качыбек Шералин жана башкалар болгон. Изилдөөчүлөр Татищев, Рычков, Валиханов, Аристов кыргыз элинин тарыхын изилдеп чыгышкан. Ал эми дүйнөлүк географиялык картага Кыргызстанды Семёнов Тянь-Шанский жана Николай Пржевальский киргизген.

Көргөзмөгө чоңойтулган форматтагы 60 эксклюзивдүү сүрөт коюлган. Мындан тышкары 18-19-кылымдарга таандык кыргыз-орус кызматташтыгын, достук мамилесин чагылдырган сейрек кездешкен документтер да бар.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.04.2014. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Билгенибизден билбегенибиз коп кыргыз улуту кырылгыс тарыхыбыз узун эхх канча деген Ата бабаларыбыз жашап откон улутум КЫРГЫЗ экенине сыймыктанам коз тийбесин жериме элиме!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: