super.kg logo

Жылнаама, 30-апрель: Мындан 4 жыл мурун "Супер-Инфо" гезити үчүнчү ирет "Жылдын нускасы" наамына татыган

 
 * Мындан 4 жыл мурун, тагыраак айтканда, 2010-жылдын 30-апрелинде Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде "Улуттук гезит" сыйлыгын тапшыруу аземи болуп, анда "Супер-Инфо" гезити "Жылдын нускасы" наамына катарынан үчүнчү ирет ээ болгон. 
* 1924-жылы 30-апрелде Түркстан Автономиялык Республикасынын Мамлекеттик окумуштуулар кеңеши Кара-Кыргыз илим комиссиясын уюштуруу туурасында чечим чыгарган. Түркстан Автономиялык Республикасынын Мамлекеттик окумуштуулар кеңешинин чечиминде кара кыргыздардын казактардан тили, маданияты жагынан айырмасы бар экендиги белгиленет. Кара-Кыргыз илим комиссиясы Түркстан Автономиялык Республикасынын Мамлекеттик окумуштуулар кеңешине баш ийип, анын төрагалыгына таанымал агартуучу Ишеналы Арабаев дайындалган. Ушул эле жылдын декабрь айында Кара-Кыргыз илим комиссиясы Академиялык борборго айланган. 
* 1958-жылдын 30-апрелинде саясатчы Айтибай Тагаев Ноокат районундагы Эски-Ноокат айылында туулган. Анжияндагы Гидротехникалык курулуш техникумун, Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Окууну аяктагандан кийин Кызыл-Кыядагы курулуш материалдар комбинатында финансы-экономикалык маселелер боюнча иш алып барган. 1993-2001-жылы Кызыл-Кыядагы “Нур-Км” акционердик коомунун коммерциялык директору, кийинчерээк Директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеген. 
2005-жылы Кызыл-Кыя шайлоо аймагынын №17-шайлоо чөлкөмүнөн Жогорку Кеңештин III чакырылышына "Алга, Кыргызстан!" партиясынан депутат болуп шайланган. 2007-жылдын декабрында парламентке “Ак жол” партиясынан депутат болгон.
* Мындан 47 жыл мурун советтик жана орусиялык ырчы, актёр, композитор жана продюсер Филипп Киркоров Болгариянын Варна шаарында туулган. Учурда 1 кыз, 1 уулду тарбиялап жаткан Филипп Киркоров 2008-жылы Орусиянын Эл артисти наамына татыган.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: