super.kg logo

Бишкектеги №31-бала бакчадан кулап кетип башынан катуу жаракат алган Айгеримдин баяны (фоторепортаж)

 
Түнкү саат 12:30да уктап жаткан кызын өпкөнгө кирген атасы кызын ушундай абалда тапкан.
Болгон окуядан 5 күн өткөндөн кийинки Айгеримдин абалы ушундай эле.
Томографиядан чыккан сүрөт.
Баш сөөктүн мындай деңгээлде сынып кеткенине караганда сокку катуу болгон.
Бул 4 жашар Айгеримдин азыркы абалы. Анын абалы туруктуу болгону менен, мындан ары ал дайыма дары-дармек ичип, бактылуу балалыктын ордуна дарыгерлердин көзөмөлүндө болуусу зарыл.
Айгеримдин апасы бул окуяны укканда дароо Кыргызстанга кайтканга шашылган. Бирок учакка кечигип калып, айып пул төлөп, экинчи рейс менен 11-апрель күнү кайтып келген. Учурда кызынын жанынан чыкпай, эч кимге ишенбей калганын айтат.
Айгеримдин атасы Атамбек бул окуянын күнөөкөрлөрү өз жазасын алат деп ишенгиси келет. "Эгер менин кызымдын ордунда депутаттын кызы болсо, эмгиче чара көрүлмөк, а мен жөнөкөй айдоочумун, ошон үчүн ишти жаап салды. Бирок бул окуя акыйкаттуу чечилет деп ишенем",-дейт кыздын атасы.
Айгеримдин ата-энеси менен маектешип баратканымда бала бакчанын жетекчиси келип калды.
Белгисиз себептерден улам бала бакчанын жетекчиси комментарий берүүдөн баш тартты.

Бишкектеги №31-бала бакчадан кулап кетип башынан катуу жаракат алган Айгерим мындан ары дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Каргашалуу окуя борбор калаада 7-апрель күнү бала бакчада орун алды. Кечки саат 17:30дар чамасында ата-энелер балдарын алып кетип жаткан учурда 4 жашар Айгерим Иманалиева 2-кабаттын тепкичинен 1-кабатка кулап түшкөн. Учурда Айгеримдин башына оор операция жасалып, 8-апрелден бери ооруканада жатат. Окуя тууралуу бизге Айгеримдин атасы Атамбек Рахманов кененирээк айтып берди.

“Мен өзүм айдоочу болуп иштейм. Акчанын тартыштыгынан аялым бул окуяга чейин бир жума мурун Орусияга кеткен болчу. Кызымды өзүм карап отура албагандыктан, аны караганга Нурила аттуу кызды 5 миң сомго жалдагам.

Окуя 7-апрель күнү болду. Ошол жерден ага эч кандай жардам көрсөтүлбөптүр. Муну ал жердеги ата-энелер да, тарбиячылар да көргөн экен. Бала багуучум да эч кандай жардам бербестен үйгө алып баса бериптир. Мен үйгө түнкү саат 00:30да келдим. Кызымды карайын деп кирсем, көздөрү көк ала, мурду канап жатыптыр. Нурилага "Эмне доктурга алып барган жоксуӊ?!" десем, “өтүп кетет деп ойлогом” дейт. Анан дароо "Тез жардамга" чалдым. Ал кечиккендиктен, түнкү саат 02:00дө №3-шаардык балдар ооруканасына алып келдик",- деди Айгеримдин атасы.

Атамбек Рахмановдун айтымына караганда, ал үйүнө барган учурда кызы болгону “ата, үшүп жатам” деп айтып, эс-учун жоготуп койгон. Ал эми Айгерим жаткан шейшептин баары кан болуп калган. Ооруканага жеткирилген кыздын абалын көргөн дарыгерлер аны дароо томографияга тартып, баш сөөктөн жарака кетип, сөөктүн сыныгы мээни тешип кирип кеткен жана андан сырткары гематома пайда болуп калгандыгын аныкташкан.    

"Бала бакчанын жетекчилиги жоопкерчиликти мойнуна алгысы келбей, “Биз кызыңызды бала багуучуңарга тапшырганбыз, андан кийинки окуя бизге тиешелүү эмес. Буга бир гана бала багуучуңар күнөөлүү” дешүүдө", - деп кошумчалайт Атамбек Рахманов.

Кызынын оор абалын көргөн ата ачуусу менен бала багуучусуна кыйкырып койгон экен, ошол күндөн тарта андан дайын жок. 

Дарыгерлер учурда кыздын абалы туруктуу экенин айтып жатышат. Бирок кыз калыбына келүү үчүн 2 жылдан кем эмес убакыт керек.

Бул окуя туурасында иликтөөнү Биринчи Май РИИБи жана тергөөчү Талант Абдылбаев алып барган. Бирок тергөө амалдарынын жыйынтыгында "кылмыш ишин козгогонго негиз жок" деген тыянак чыгарган.

“Бүгүн биздин колго ишти токтотуу боюнча токтом тийди. "Иш токтотулсун" деген токтом 18-апрелде эле чыккан экен. Бирок белгисиз себептерден улам бул тууралуу биз бүгүн, 29-апрелде гана уктук. Мен бул иш менен Бишкек шаардык мэриясына караштуу Балдарга жардам берүү борборуна кайрылгам. Учурда ал жактын юристи райондук жана Башкы прокуратурага бул ишти көзөмөлгө алуу боюнча арыз даярдоодо”,- дейт сыздаган ата.

Айгеримдин ата-энеси менен маектешип бара жаткан учурда ооруканага бала бакчанын жетекчиси эки айым менен келип калды. Бул окуя туурасында бала бакчанын жетекчисинен сураганымда ал жооп берүүдөн баш тартты.

Айгеримдин ата-энесине кайрылганымда алар: "Бала бакчанын жетекчилиги башында бул окуяга эч кандай көӊүл да бурган эмес. Бул окуя тууралуу маалымат каражаттарына чыккан соң бир келип, "жардам берилет, кеткен чыгымдардын дүмүрчөктөрүн алып келгиле" деген. Бүгүн мына экинчи ирет келип, “Болуп өткөн окуяга өзүңөр күнөөлүүсүңөр. Кызыңардын өмүрүн кантип бала багуучуга тапшырып коёсуңар?!” деп кайра бизди күнөөлүү кылышууда. Бүгүн да "жардам беребиз, ар кайсы жакка кайрылып комментарий бербегиле" деп кетишти",- дейт кыздын атасы. 

Айгеримдин ата-энесинин негизги максаты - кызынын эртерээк сакайып кетиши. Ошондой эле ал окуяга күнөөкөрлөр өз жазасын алсын дешүүдө.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(36)
29.04.2014. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш кыз боорум ачып кетти. Жараткан шыпаасын берип батыраак айыгып кетсин.Бала багуучу да бир аз жоопкерчиликтуу болгондо байкуш кыз жабыркамак эмес. Куноолу адам созсуз жазасын алыш керек бирок бизде врядли жазасын алат куноолулор.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: