Ошто Сүймөнкул Чокморовдун 75 жылдыгына арналган марафондо 2 миллион сомдон ашык акча каражаты чогулду

29-апрелде Ош улуттук драма театрында СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун 75 жылдык мааракесине карата марафон өткөрүлдү. Анда атайын комиссиянын эсептөөсү боюнча, 2,2 миллион сомго жакын каражат топтолду. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Марафонго ыйгарым укуктуу өкүл Сооронбай Жээнбеков, райондордун акимдери, облустук түзүмдөрдүн жетекчилери, Сүймөнкул Чокморов атындагы фонддун өкүлдөрү катышты. Түшкөн каражат Бишкек шаарындагы сүрөтчүнүн мемориалдык комплексин курууга сарпталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.