Бишкекте сахна ханышасы Таттыбүбү Тусунбаеванын айкели тургузулду



Бүгүн, 30-апрелде Бишкекте Орозбеков, Панфилов, Фрунзе, Абдумомунов көчөлөрү менен чектешкен Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жанында сахна ханышасы, театр жана кино жылдызы, айтылуу Соң-Көл чүрөгү Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдык мааракесине арналган гүлбакчанын жана анын айкелинин ачылыш аземи өтүүдө. Аземге актрисанын жакын туугандары, уул-кызы, неберелери, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, ЖКнын депутаттары, акын-жазуучулар катышууда.
Автор: Дамира Арстанова
Фото: Динара Абдыкадырова
Белгилей кетсек, айкелдин автору - скульптор Тайыр Медеров. Айкелге Таттыбүбү Турсунбаеванын “Ак Мөөр”, “Кызыл алма”, “Уркуя” фильмдеринде жараткан образдары жуурулушуп түшүрүлгөн. Узундугу 5 метр болгон эстелик кызыл колодон жасалып, 7 миллион сом каражат сарпталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
514947a

02.05.2014. 10:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аттиң арман! Соң-Көлдүн чүрөгү. ак-куусу ак мармардан, бийиктикти багынткан, башкаларга бийиктен караган, өзгөчө моюну суктанткан жарык маанайдагы, улуу талантын чагылдырган өзүнө окшогон болсо болмок эле, жарашат эле.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.