super.kg logo

Асел Эшимбекова, Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы: "Мен ушул күнгө чейин апамдай сулуу аялды көрө элекмин" (фоторепортаж)

 
Таттыбүбү Турсунбаевага арналып тургузулган айкелдин автору - скульптор Тайыр Медеров.
Эстеликтин жана гүлбакчанын ачылыш аземине Таттыбүбүнүн талантына, сулуулугуна таазим кылган мекендештери келишти.
Эстеликтин ачылыш аземинен.
Эстеликтин ачылыш аземинен.
Аземде акындардын Таттыбүбү Турсунбаевага арнап жазган ырлары окулду.
Аземге актрисанын жакын туугандары, уул-кызы, неберелери, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, ЖКнын депутаттары, акын-жазуучулар катышты.
Аземди төкмө акын Элмирбек Иманалиев ачып берди.
Актрисанын учугун улаган неберелери.
Аземге актрисанын жакын туугандары, уул-кызы, неберелери, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, ЖКнын депутаттары, акын-жазуучулар катышты.
Аземге келген актрисанын кызы Асел Эшимбекова кызы менен.
Аземде актрисанын бул дүйнөдөн эрте өткөнү айтылганда, кызы Асел жашып кетти.
ЖКнын депутаты Ыргал Кадыралиева: "Таттыбүбү Турсунбаеваны сулуулуктун идеалы катары туу тутуп жүргөн кыргыз кыздары жана биздей жаштар үчүн бүгүнкү күн майрам болуш керек".
Аземдин жүрүшүнөн.
Таттыбүбү Турсунбаеванын бир тууган агасы Нуркан Турсунбаев.
Асел Эшимбекова апасынын айкелине гүлдесте коюуда.
Актрисанын айкелине гүл койгон жарандар.
Аземге келген коноктор.
Аземге актриса Жамал Сейдакматова келди.
Узундугу 5 метр болгон эстелик кызыл колодон жасалып, 7 миллион сом каражат сарпталган.
Актрисанын уулу Канат апасы тууралуу эскерип өттү.
Актрисанын неберелери айкелге гүл коюшууда.
Алтынай - Таттыбүбүнүн небереси, уулу Канаттын кызы.
Таттыбүбүнүн айкелинин жана гүлбакчанын жалпы көрүнүшү.
Таттыбүбүнүн айкелинин жана гүлбакчанын көрүнүшү.
Таттыбүбү Турсунбаеванын династиясы.
Актрисанын арбагына багышталып куран окулду.
Актрисанын арбагына багышталып куран окулду.
Аземден соң актрисанын арбагына багышталып куран окулду.
Аземден кийин актрисанын арбагына багышталып куран окулду.
Куран окулуп бүткөн соң актрисага арналган тасма көрсөтүлдү.
Курмангазы Азыкбаев актриса роль жараткан тасмаларда жаңырган музыкаларды аткарып берди.
Актрисанын уулу Канат жана кызы Асел.

Бүгүн, 30-апрелде Бишкекте Орозбеков, Панфилов, Фрунзе, Абдумомунов көчөлөрү менен чектешкен Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жанында сахна ханышасы, театр жана кино жылдызы, айтылуу Соң-Көл чүрөгү Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдык мааракесине арналган гүлбакчанын жана анын айкелинин ачылыш аземи өттү. Айкелдин автору - скульптор Тайыр Медеров. Анын айтымында, айкелге Таттыбүбү Турсунбаеванын “Ак Мөөр”, “Кызыл алма”, “Уркуя” фильмдеринде жараткан образдары жуурулушуп түшүрүлгөн. Узундугу 5 метр болгон эстелик кызыл колодон жасалып, 7 миллион сом каражат сарпталган.

Аземге актрисанын жакын туугандары, уул-кызы, неберелери, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, ЖКнын депутаттары, акын-жазуучулар катышты. Келген коноктор актриса тууралуу жылуу сөздөрдү айтып эскерип, ага багыштап куран окушту.

Таттыбүбү Турсунбаеванын агасы Нуркан Турсунбаев: “Бүгүн, азыркы саатта Таттыкем өз бооруна ак куу болуп конду десем жаңылышпайм. Дал ушул жерде ал ролдорун жаттап, даярданып, анан театрга кирер эле. Өзүнүн өсүп-өнгөн театрынын алдына түбөлүк жаштык, кайталангыс улуу талант, адамгерчиликтин символу катары бул эстелик түбөлүккө белек болуп калды. Анын көзү өтсө да, артында эки туягы, уулу Канат жана кызы Аселдин бар экенине каниет кыламын”,- деп карындашын эскерип, көзүнө жаш алды.

Ал эми актрисанын кызы Асел Эшимбекова: “Апам аял катары жумшак, адамгерчиликтүү, ушак дегенди билбеген улуу инсан эле. Мен ушул күнгө чейин апамдай сулуу аялды көрө элекмин. Жадакалса апамдын кызы болуп туруп ага окшобойм. Мен ойлойм, мындай сулуу айымдар 100 жылда бир төрөлөт болуш керек",- деп апасына таазим кылды.  

Актрисанын бир тууганы, уул-кыздары менен катар маданият кызматкерлери, ЖКнын депутаттары сөз алып, Таттыбүбү Турсунбаева тууралуу жылуу пикирлерин айтышты.

 






Таттыбүбү Турсунбаева быйыл 70 жашка чыкмак

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(48)
30.04.2014. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
мен да кооп кыздарды карап бирок Таттубубу эжедей ырчы же актриса коргон жокмун бул эже кыргыз кыздарынын сулуулугунун символу десек болот. Анын келбети бою чачы коздору баары топ келишкен сулуу эле. Чиркин кыргызда короалбас деген оору бар экенго ошонун азабынан аккуубузду жоготукко деп ойлойм. Жаткан жериниз жайлуу болсун эже.
30.04.2014. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Mr.enriiko, Ооба туура айтасын, короалбастардын азабынан Кыргыз эли кайталангыс Аккуусунан айрылганы айдан ачык белгилуу. Эхх айла жок, ким эмне кыла алмак эле.
30.04.2014. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
ар ким апасы озуго сулуу мактангандан оло кач деген
30.04.2014. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Асел Эшибекованын жолдошу. Таттыбу Турсунбаеванын куйоо баласы Урмат Барктабасов ушул чоооон аземге катышпаганы кызык го ыя
30.04.2014. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Керемет сулуу, нукура талант! Деги эле соз менен айтып жеткире албай турган Аккууну белек кылган экен жараткан Кыргыз элине.Эстелик тургузулуп эн эле жакшы болуптур.Биздин маданият мнистирлиги Таттыбубу жонундо коп жакшы нерселерди откоруп турушса жакшы болмок.Башкалар кандай билбейм мен Таттыбубу эже жонундо фильм коромбу же эженин элесине арналган роликтерди коромбу, сыздап козумон жаш ага берет. Таттыбубунун кызы Асел айымга кудай куч кубат, узун омур берсин, ден соолукта болунуз демекмин.
30.04.2014. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
asel ayimga jana uuluna kop kop kuch kubat bersin.. Jamal Seydakmatova da keliptir tobaaa..
30.04.2014. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
super info videosu jokpu ne?
30.04.2014. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
pakistanka, Саламатсызбы!
Видеорепортажды бир аз убактан кийин көрө аласыз.
30.04.2014. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Койкоюп маралдай кериле басып,коргондун коз жоосун алган сулуу айым эле да...Аккуудай моюну узун,кашы-козу капкара,кирпиги жаны торолгон музоонукундай узун,кымча бел кыргыздын СУЛУУсун суроттоп отурсак соз жетпейт.Кайталангыс ролдорду жаратып кетти.
30.04.2014. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Т. Турсунбуаева эмнеден каза болгон озу? Ар кандай вариантын угам. "Арманда кетти бир ак куу" деп арналган ыр да жакшы чыккан. Мага кызы Аселдин Бегимайдын ролун аткаргандагы сулуулугу аябай жагат.
01.05.2014. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
youngyoung, агасы биз тарапка гостролдоп келгенде (Таттыбубу эжекебиздин талантын эскерип) айтты эле, театрдагы коро албаган кесиптештери олтурткон деп. Ооруканадан жатканда "керектуу" уколдорду берген дешет. Врачты тигилер сатып алган экен. Алардын атын да атаган. Учоо экен. Айтпай эле коеюн.
SUPER.KG видео
30.04.2014. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аябай сулуу, таланттуу апабыз. Азыр болсо, заманбап боектор, чач жасалгасы менен коз ала алгыс сулуу айым болмок. Чын эле "Адашкан аркар сыяктуу,Арманда кетти бир ак куу " , деп жазышкандай аз жашаса дагы сопсонун элге эмгегин калтырып кетти.
30.04.2014. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Актрисаны көрө албагандар эле өлтүрүшкөн дешетко, театрда ойногон кийимдерине арактан чачышып, ошентип тил уктуртуп, аны ичип жүргөн адамдай кылып сөз чыгарышып,булгап, бурмалап, анан акыры тамак ашына уу салып коюшкан дейтко,
өлүмүнө ошол эле театрда чогу иштеген аялдардын бири кылган деп күмөн санап бир гезиттен агасынын айтканын окудум эле
Bella-life түзөттү 30.04.2014 21:06
SUPER.KG видео
30.04.2014. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыркы жаштар Таттыбүбү апаны тирүү көрбөсөк дагы бизге ушунчалык жылуу сезим м.н биз көргөндөй Элеси тартыла берет.
Актрисаны мен азыр жоготуп аткандай ичим ачышып жаман болдум.
Мынча жаш кеткени м.н жүрөгүбүздөн Жаркын элеси өчпөсүн
30.04.2014. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Таттыбубу Турсунбаева туболукко жапжаш бойдон, сулуу элеси менен ар бир кыргыздын журогундо кала берет. Асел менен Канат омурунор узун болсун.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: