super.kg logo

Улуу британиялык журналист "Курманжан датка” тарыхый тасмасы тууралуу макала жазуу үчүн Кыргызстанга келди 

 

Кечээ, 29-апрелде британиялык журналист, баяндоочу жана америкалык "The Hollywood reporte" басмаканасынын репортёру Ник Холдсворт “Курманжан датка” тарыхый тасмасы тууралуу таанышуу жана ал тууралуу эл аралык ММКларда чагылдыруу үчүн Бишкекке келди. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде "Айтышфильм" киностудиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал 2013-жылдын жай айында режиссёр Садык Шер-Нияз менен таанышып, аталган тасма тууралуу угуп кызыгып калган. Бул анын Кыргызстанга биринчи сапары эмес. Буга чейин да келип, бир катар долбоорлордун үстүндө иш алып барган. 

Ник Холдсворт бул сапары тууралуу: “Бишкекке келүүгө “Курманжан датка” улуттук долбоору түрткү болду. Мен бул тасма тууралуу билгим келет. Анткени мага көп нерсе кызык болууда. Биринчиден, фильмдин бюджети кичинекей, бирок тасма өзү ири жана тарыхый. Мен билгендей, дүйнөлүк тажрыйбада тарыхый фильмдер көп каражатты сарптоону талап кылат. Мисалы, Казакстан “Мың бала” тасмасына чоң акча коротушкан. Муну менен катар, мен эл аралык ММКнын өкүлү болгондуктан, тасманы чет өлкөгө жайылтууга жардам берем”,- дейт.

Маалымат үчүн айта кетсек, «The Hollywood Reporter» журналы 1930-жылдан бери чыгарылат. Ал ушул күнгө чейин кино дүйнөсүндөгү жогорку рейтингде турган журнал болуп саналат.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.04.2014. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызды дуйно таанысын!
30.04.2014. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылык эми Кыргызданыбызды дуйноо эли тааныйт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: