Жогорку Кеңеш балдарга жыныстык билим берүүгө багытталган мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алды
Жогорку Кеңеш бүгүн балдарга жыныстык билим берүүгө багытталган мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алды. ЖКнын 30-апрелдеги жыйынында мыйзам долбооруна 68 депутат “макул”, 27 депутат “каршы” деп добуш берди. Мыйзамды депутат Дамира Ниязалиева демилгелеп жатат. Талкууда депутат Ниязалиева балдарды жаш кезинен жыныстык жактан тарбиялоо, ал үчүн мектеп программасы аркылуу билим берүү зарыл экенин айткан болчу. Мыйзам долбоорунда жалданма энелик ыкмасын колдонуу, аталган ишке макул болгон аялдардын жаш курагын 35тен 40 жашка жогорулатуу жагы да каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

