super.kg logo

Тарых музейинде Көлөкө театрынын көргөзмөсү өтүүдө (фоторепортаж)

 
Маршалдардын согушка чейинки чогулушу.
Тандыктардын кийими.
Таланттуу Чже Гэлянды үч жолу өтүнүп чакырганда...
Көргөзмөгө коюлган Көлөкө театрынын жалпы көрүнүшү.
Ат менен поло оюнун ойноо.
Су Сань сот отурумунда.
Тяньвандын 4 баатыры.
Тоок жана короздор жөнүндө картина.
Көргөзмөгө коюлган Көлөкө театрынын жалпы көрүнүшү.
Тоок жана короздор жөнүндө картина.
"Белгилүү медицина чебери" картинасы.
"Белгилүү медицина чебери" картинасы.
Мураскерлер...
Салттуу салтанат.
Император Цинь Шихуанын кыдыруусу.
Император Цинь Шихуанын кыдыруусу.
Император Цинь Шихуанын кыдыруусу.
Императордун чыгуусу.
Император сапарда.
Император сапарда.
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн.

10-апрелден бери Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде Кытайдын Шэньси провинциясынын элдик искусствосун, салт-санаасын чагылдырган Көлөкө театрынын көргөзмөсү өтүүдө. Көргөзмөдө “Бакчадагы жолугушуу”, “Жашыл жыланга аңга чыгуу”, “Генерал Гуань Юй жүрүштүк чатырда”, “Алачыкка үч жолу барганда”, “Буддага таазим кылуу” оюндары жана булгаарыдан жасалган куурчактар, картиналар коюлган.

Көлөкө театры - Кытайдан чыккан драмалык искусствосунун бир түрү. Уламышта айтылгандай, Хань батыш династиясынын императору Уди сүйгөнү Леди Линин оорудан каза тапканына капа болуп жүрөт. Император аны ушунчалык сагынгандыктан, бийлик жүргүзүү каалоосун жоготот. Бир күнү министрлердин бири балдардын куурчак менен чоң көлөкө түшүрүп ойноп жатышканын көрөт. Мындан таасирленген министр императорду санаадан арылтууга жардам берүү максатында анын каза болгон сүйгөнүнө окшоштуруп кагаздан куурчак жасайт. Түн киргенде императорду аны көргөнгө чакырат. Император аны көрүп аябай кубанат. Мына ошондон тарта Кытайдын Көлөкө театрынын тарыхы башталган.

Белгилей кетсек, аталган көргөзмө май айынын аягына чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: