super.kg logo

Нурлан Насип башкы ролдо ойногон “Браво!” кинокомедиясынын бет ачары аншлаг менен өтүп, "күн ыссык-ка" деген сөзү менен эсте каларлык болду (фоторепортаж)

 
Нурлан Насиптин досу Аваз Акимов
Ырчы Малика Дина
Тасманын бет ачарынын алдындагы концерттин жүрүшүнөн.
"Браво!" кинотасмасынын каармандарынын бири "тамашоучу" Кубаныч Курманбеков
Нурлан Насип Элнура Сыдыкова жана Аида Чоткараеванын артында келе жатты.
Кубаныч Курманбеков тасмада Шамаль (Шамалбек) аттуу жигитти ойносо, Нурлан Насип өзүн ойноду.
Нурлан Насип өз ырын радиодон күтүп жатат.
Башкы каарман "Супер-Инфо" гезитин окуп жатат.
Башкы каарман "Супер-Инфо" гезитин окуп жатат.
Каарман Нурлан Насиптин алгачкы концерти
Нурлан Насип: “Тасманын жалпы мазмуну менин жеке жашоомдон алынган эмес, бирок айрым учурлары менин карьерамда чындыгында эле болгон”.

30-апрелде Бишкектеги “Манас” кинотеатрында “Браво!” кинотасмасынын бет ачары өттү. Иш-чара концерт менен башталып, анда Малика Дина, Аваз Акимов жана башка ырчылар хит ырларын тартуулашты. Концерттин жүрүшүндө алып баруучулар кызыктуу оюндарды уюштуруп, коноктордун маанайларын көтөрүп жатышты. 

Иш-чаранын себепкерлери, тасманын башкы каармандары ырчы Нурлан Насип, “тамашоучу” Кубаныч Курманбеков, Элнура Сыдыкова жана Аида Чоткараева лимузин унаасы менен келип, кызыл килемден өтүштү. Эл аларды кол чабуулар менен тосуп алды.

“Браво!” кинотасмасы боюнча айта кетсек, аны режиссёр Нурлан Мамакеев жана “тамашоучу” Самат Эркинбеков тарткан. Ал эми тасманын сценарийи “Ак-Өргө сити” командасына таандык. Н.Мамакеев тасма 20 күндүн ичинде тартылганын баса белгиледи.

“Бравонун” мазмунуна ылайык, эки айылдык жигит шаарга өз максаттары менен келе жатып достошуп калышат. Бири ырчы болгусу келсе, экинчиси жумушка орношууга ниеттенет. Ырчы болгусу келген жигит өзүндө музыкалык таланты жок экенин билип калат. Бирок ошол эле учурда досунун ырдоого шыгы бар экенин байкап, аны жылдыз кылууга жардам берет. Ошентип, тасма андан ары уланат...

Башкы каарманды ойногон Нурлан Насип “тасманын жалпы мазмуну менин жеке жашоомдон алынган эмес, бирок айрым учурлары менин карьерамда чындыгында эле болгон” деп SUPER.KG порталына билдирди.

Айта кетчү нерсе, тасма дүркүрөгөн кол чабуулар менен аяктады. Көрүүчүлөр Кубаныч Курманбековдун тасмада "күн ыссык-ка" деп ырдап кайталаган сөзүн "эми хитке айланса керек" дешти.






Нурлан Насиптин жеке жашоосу тасмада

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(34)
01.05.2014. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик!!!Браво!!!
01.05.2014. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Малика кантет ушунчада семиреби....
01.05.2014. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кино тартылып жатканы жакшы нерсе бироок ошол тасмада чыныгы актёрлордун жоктугу тасманы коркуно чыгаралбай жатат диплому жок актёрлор козу карындай копойду тасманын актёрлордун сапатын козомолго алган агенттик жокпу
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: