super.kg logo
  Спорт  

УЕФАнын Чемпиондор Лигасы: “Атлетико” конокто “Челсини” утуп, финалга чыкты (фоторепортаж)

 
"Челсинин" чабуулчусу Фернандо Торрес карьерасын "Атлетиконун" курамынан баштаган. Өзү жараткан голду ал майрамдоону туура көргөн жок.
Мадриддиктердин чабуул уюштуруудагы күчтөрүнүн бири - Коке.
Адриан Лопес ("Атлетико") оюн эсебин теңеди.
Фернандо Торрес үчүн өз дарбазасына коюлган 11 метрлик айып соккусуна түз кароого чыдамы жетпеген сыяктуу...
Самуэль Это`О "Атлетиконун" чабуулчусу Диего Костага каршы оюн эрежесин бузуп, өз дарбазасына 11 метрлик айып соккусунун дайындалуусуна алып келди.
Диего Коста 11 метрлик айып соккусун киргизип, "Атлетиконун" кийинки турга чыгууга болгон мүмкүнчүлүгүн арттырып койду.
"Атлетиконун" башкы машыктыруучусу Диего Симоне.
"Челсинин" коргоочулары арты-артынан ката кетирип жатышты. Жыйынтыгы биз көрүп тургандай, атаандаш айып аянтчасынын ичинде эркин ойноп жатты.
Арда Туран мадриддик клубдун финалга чыгуусун шарттады.
Жыйынтык алуу үчүн оюнчунун дээрлик баарын бир катарга тизип салып жүргөн Жозе Моуринью бул жолу жыйынтык алуу үчүн чабуулду көп уюштуруу тапшырмасын бериптир. "Челси" оюн башынан тарта көпчүлүккө көнүмүш болбогон "ачык" футбол ойноп баштады.
"Челсинин" капитаны Жон Терри үчүн 1:3 эсеби күтүлгөн эмес. "Челси" жарым финалда мелдештен учуп кетти.
Лондондо жеңишке жетишкен мадриддиктер күйөрмандарына ыраазычылык билдиришүүдө.

Кечээ, 30-апрелде УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын жооптук оюнунда мадриддик “Атлетико” конокто лондондук “Челсини” 1:3 эсебинде утуп алды. Натыйжада “Атлетико” финалга чыккан экинчи команда болду.

“Челси” (Англия) – Атлетико (Испания) – 1:3

Голдор: Фернандо Торрес (36-мүнөттө), Адриан (44-мүнөттө), Диего Коста (60-мүнөттө), Арда Туран (72-мүнөттө).  

Кошумчалай кетсек, УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалына чыккан алгачкы команда мадриддик “Реал” болгон. Мадрид шаарынын клубдарынын ортосундагы финалдык беттеш 24-майда Португалиянын Лиссабон шаарында өтөт.






УЕФАнын Чемпиондор Лигасы: "Челси" - "Атлетико" 1:3

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
01.05.2014. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Финалда мадриддиктер ойношот экен да.
01.05.2014. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реал эми талкалаш керекда бул команданы
01.05.2014. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дагы бир елклассикоо
01.05.2014. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун екенда
01.05.2014. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен жаш таланттуу машыктыруучу Симоенонун каармандыгына баа берип эле отурам азаматсынар демекмин. озум каталондуктардын куйорманымын финалда эль классикону кутуп жаттым эле тилекке каршы ал финал болгон жок. антседа кызыктуу финал болорун боркумдой эле сезип турам. Атлетико сага ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: