super.kg logo

Ёнджа Атар, арфистка: "Кыргызстанда өткөргөн концертимден чоң эргүү алдым"

 

Кечээ, 30-апрелде Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда франциялык виртуоз арфистка Ёнджа Атар филармониянын камералык оркестри менен биргеликте концерт берди. Концертте бишкектик музыка сүйүүчүлөр Гендель, Вивальди, Бах, Буальдьё, Дебюсси, Форе, Капленин жана Жылдыз Малдыбаеванын жан эргиткен музыка ыргактарын тыңдашты. Концерт бүткөн соң арфа дүйнөсүн тааныштырган Ёнджага бир нече суроолорду узатып, жооп алдык.

- Кыргызстанга биринчи жолу келишиңиз экен. Бишкек шаары сизге жактыбы?

- Мен көп убактымды даярданууга жумшагандыктан, шаарды кыдырганга үлгүргөн жокмун. Буюрса, концертти ийгиликтүү берип алдым. Эми сейилдөөгө убакыт болот деп ойлойм. 

- Эл сиздин коцертиңизди ушунчалык берилүү менен көрүп отурду...

- Ооба. Сахнага чыкканымда зал толо эл келгенин көрүп абдан сүйүндүм. Ар бир чыгарма аткарылганда алардын кубанган көздөрүнөн жана дүркүрөгөн кол чабууларынан чоң эргүү алдым.

- Улуттук филармониянын оркестринин коштоосунда музыкаларыңыз жаңырып жатты. Бул программа атайын Кыргызстан үчүн даярдалганбы?

- Биз бул программаны чогуу иштеп чыктык. Ар бири өз идеясын сунушташты. Концертти жүзөгө ашырыш үчүн талыкпай даярдандык. Жаңы оркестр менен ойноо мага кызыктуу болду. Менин оюмча, концерт мыкты деңгээлде өттү.

- Концертте кыргыз композитору Жылдыз Малдыбаеванын чыгармасы да жаңырды. Келечекте бул чыгарма сиздин репертуарыңыздан орун алышы мүмкүнбү?

- Ачыгын айтайын, менин буга чейин кыргыз музыкасы тууралуу кабарым жок болчу. Жылдыз Малдыбаеванын чыгармасын аткарууну сунушташты. Угуп көрүп дароо жактырдым. Музыка оркестрдин коштоосунда ойнолгону үчүн көркөм жана кызыктуу болду.

- Эмне үчүн арфа аспабын тандап алдыңыз эле? Башка аспаптарда да ойнойсузбу?

- Мени консерваторияга 10 жашымда беришкен. Ал кезде арфа тууралуу түшүнүгүм жок болчу. Жадакалса анын кандай аспап экенин да билчү эмесмин. Окуу жайга кабыл алынгандан кийин мага “Арфада ойнойсуңбу?” деп сунушташты. Мен ойлонбой туруп “ооба” дедим. Ошондон бери экөөбүз бир-бирибизди толуктап келебиз. Арфа - менин кесибим. Бул аспаптан сырткары фортепианодо ойной алам. 

Белгилей кетсек, жаш арфистка Ёнджа Атар Парижде билим алат. Ал буга чейин Түркиядагы Жогорку искусство мектебин аяктаган. Мындан тышкары ал Эндрю Лоуренс Кинг, Лавиния Мейэр, Изабелль Моретти, Наоко Ёшино, Бенойт Вьери, Жанна Боускова жана Анна Рикьюборгдон сабак алган. 

Ёнджа Атар Болгарияда өткөн 5-Эл аралык сынакта баш байгени жеңип алып, "Виртуоз арфист" деген наамга татыктуу экенин көрсөткөн. Ошондой эле ал Эрдем Чологлу, Гюрер Айкал, Инжи Оздил, Мехрапе Карамендерес, Жэм Мансур, Клаус Вейзс, Пьер Кармелет өңдүү атагы чыккан концертмейстерлер менен чогуу чыгармачылыгын тартуулаган. 






Арфа дүйнөсүн ачкан Ёнджа

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
01.05.2014. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мына ушундай концерттердин да видеолорун жуктонуздорчу сураныч.
02.05.2014. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
noeli, Саламатсызбы!
Рахмат, аракет кылабыз.
SUPER.KG видео
02.05.2014. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Класс
SUPER.KG видео
02.05.2014. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да классикалык музыкалар абдан жагат. Угуп отурганда мээ сергип эс алып калам. Бизде да Арфа аспабы онуксо экен. Кыргызстанда болсом бармакмын мен да.
SUPER.KG видео
02.05.2014. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда арфа уйронуу курсу барбы? болсо айткылачы, мага аябай жагат. уйронгум келет.
08.05.2014. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керемет ун экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: