super.kg logo

Улуттук консерваторияда Улуу Жеңиш күнүнө арналган концерт өткөрүлөт

 

8-майда К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында профессор, академик, КРнын Эл артисти Кайыргүл Сартбаеванын бүтүрүүчүлөрү жана студенттеринин катышуусунда Улуу Жеңиш күнүнө арналган концерт өткөрүлөт. Анда студенттер Майсалбек Сатыбалдиев, Рыскелди Анаркул уулу, Елена Цой, Сымбат Кыйыкчы кызы, Валерия Чернова, Адилет Усубалиев өнөрлөрүн тартуулашат. Ошондой эле концертке аталган консерваториянын солисттери, эл аралык сынактардын лауреаттары Кундуз Карыпбаева, Элнура Самарбекова жана Бакыт Ыбыкеев катышат.

Программада дүйнөлүк классиктер Каччини, Пуччини, Римский-Корсаков, Рахманинов, Будашкин, Рубинштейн, Кыргызстандын композиторлору Малдыбаев, Власов, Фере, Молдобасанов, казак композитору Илья Шахановдун чыгармалары жана согуш жылдарындагы ырлар аткарылат.

Мындан тышкары концертке Бишкек шаардык мэриясынын симфониялык оркестри, Улуттук консерваториянын оркестри катышып, дирижёрлук милдетти КРнын Эл артисти Александр Георгиев аркалайт.

"Концертмейстерлер – Элла Ярошевич жана Марат Жунушов, режиссёру  – Искендер Сартбаев.

Концерт саат 16:00дө башталат",- деп билдиришет уюштуруучулар. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: