super.kg logo

Кыргызстан дельфия оюндарына катышат

 

2-7-майга чейин Кыргызстан Орусиянын Волгоград жана Волжский шаарларында өтүүчү дельфия оюндарына катышат.

Кыргызстандан барчу делегация 47 адамдан турат. Алар музыкалык мектептин, окуу жайдын, цирктин окуучулары, калыстар тобу жана Дельфия оюндарын өнүктүрүү комитетинин өкүлдөрү.

Аталган иш-чара жогорку искусство форуму катары дельфия оюнун өнүктүрүү, улуттук маданиятты сактоо, маданий мурастарын өстүрүү, өлкөлөрдүн маданияттагы карым-катнашын бекемдөө, толеранттуулукка тарбиялоо, профессионал аткаруучулардын өсүшүнө көмөк көрсөтүү, алардын чыгармачылыгын жана жеке адам катары гармонияда өсүшүн ишке ашыруу максатын көздөйт.

Сынактын программасы төмөнкү номинациялар: фортепиано, скрипка, көркөм искусство, кыяк, аккордеон, саксофон, академиялык, элдик, эстрадалык ырларды аткаруу, элдик, заманбап бийлерди бийлөө, сүрөт, тамак бышыруу искусствосу, кийимдердин дизайны жана ди-джейлик чеберчиликтер боюнча жүргүзүлөт.

Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат үчүн айта кетсек, дельфия оюндары – искусство жаатындагы жергиликтүү жана эл аралык ар тармактуу сынактар, фестивалдар, көргөзмөлөр, жолугушуулар. Дельфия оюндары жаштардын жана чоңдордун арасында байма-бай жүргүзүлүп келет. Аталган оюнга көптөгөн катышуучулар катышып, жеңүүчүлөр аныкталат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: