super.kg logo
  Саясат  

Депутат Бактыбек Калмаматов кичи мекени Кара-Кулжада волейбол мелдешин уюштурду

 

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Жаңы-Талаа айылында Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматовдун демилгеси менен волейбол оюну боюнча мелдеш өттү. Мелдеш спорт чебери Урматбек Самидиновго арналып, ага Кара-Кулжа районунун 12 айылдык командасы катышты.

Бактыбек Калмаматов акыркы мезгилде Кара-Кулжа аймагында спортту өнүктүрүү иштери колго алынып, бир катар ийгиликтер жаралып жатканын айтты. "Бул мелдеш 3 жылдан бери уюштурулуп келет. Мелдештин маркум Урматбек Самидиновго арналганы да бекеринен эмес. Жердешибиз волейбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү катары өлкө намысын коргоп келген. Анын мындай ийгилиги жаштарыбызга үлгү болоруна терең ишенем",- дейт депутат.

Мелдеш жыйынтыгында Ылай-Талаа айылынын командасы 100 миң сом баш байгени жеңип алды. Ал эми Карагуз айылынын командасы 2-орунга, Кашка-Жол айылынын командасы 3-орунга татыктуу болгонун парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Спорттук иш-чарага "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, депутаттар Гүласал Садырбаева, Уланбек Нуркулов, Жоомарт Сапарбаев, социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев да катышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: