Сүйүнчү, сүйүнчү! SUPER.KG порталында "Кинозал" бөлүмү ачылды

SUPER.KG порталы жагымдуу жаңылык менен бөлүшкүсү келет. Кандай дебейсизби? 2-май күнү SUPER.KG порталы "Кинозал" бөлүмү менен толукталды. Эми порталдын колдонуучулары мыкты сапаттагы кыргыз жана чет элдик тасмаларды, корей, түрк, орус жана башка улуттардын телесериалдарын, ар кандай концерттерди дал ушул бөлүмдөн көрө алышат.
"Кинозал" бөлүмү мобилдик версияга да ылайыкташтырылып жасалган. Кайда жүрбөңүз, чөнтөк телефонуңуздан бул бөлүмгө кирип, өзүңүз жактырган тасмага күбө боло аласыз.
Ошондой эле элге тарай элек жаңы кыргыз тасмаларын дал ушул бөлүмдөн табууга болот.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
16

Аракет кылабыз.