Бишкек: 9-Майга карата "Жеңиш" аянтындагы лампалар алмаштырылды
Бишкекте 9-Май – Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 69 жылдыгын белгилөөгө даярдыктар жүрүүдө. Мэриянын маалымдашынча, борбор шаардагы "Жеңиш" аянтындагы тышкы жарыктандыруучу лампалар алмаштырылып, кошумча 5 прожектор орнотулду. Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” сейил багында 104 лампа алмаштырылганы да айтылды.
“Түнкү жарыктандыруу тармагын жакшыртуу боюнча шаардын 10-кичи районунда иштер жүрүп жатат. №21, 22, 30, 31, 32, 37, 38-үйлөрдүн айланасына 34 жарык берүүчү жабдуу орнотулду”,- деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

