super.kg logo

Мамлекеттик тарых музейинде “Техника тарыхындагы буюмдар” аттуу көргөзмө өтүүдө (фоторепортаж)

 
Телефон аппараты. 1930-1980-жылдар.
"Давгава" радиоласы. Латвия. 1950-1960-жылдар.
Радиокабылдагыч. 1950-1960-жылдар.
Радиотүйүн комплектиси. 1950-1960-жылдар.
Дубал саат. 1920-жыл.
Стол сааттары. 1940-1970-жылдар.
"Сокол" үналгысы.
Радиокабылдагыч жана үн көтөргүч. 1950-1970-жылдар.
Микроскоп. 1930-жыл.
Фотоаппараттар. 1940-1960-жылдар.
Фотоаппараттар. 1940-1960-жылдар.
Туткалуу хирургиялык кол араа. 1916-жыл.
Кол чырактар. 1930-1960-жылдар.
Май чырактар. 1910-1950-жылдар.
Өлчөөчү аспаптар. 1940-1960-жылдар.
Өлчөөчү аспаптар. 1940-1960-жылдар.
Көтөрүп жүрүүгө ылайыкталган сыналгы. 1960-жыл.
Транзистордук, көтөрүп жүрүүгө ылайыкталган сыналгы. 1970-1980-жылдар.
Кинопроекция аппараты. 1970-1980-жылдар.
Грампластинка ойноткуч. 1940-1950-жылдар.

Мамлекеттик тарых музейинде “Техника тарыхындагы буюмдар” аттуу көргөзмө өтүүдө. Көргөзмөгө коюлган коллекциялар Бишкек шаардык техника музейинен алынып келген.

Анда сыналгы, радио техникалары, фотоаппараттар, ченөө приборлору, техника тууралуу тарых китептери коюлган.

Техника музейи инженер-архитектор Алымкул Ташлановдун демилгеси менен түзүлгөн. Музейди уюштурууга анын эски буюмдарды оңдоп иштегени себеп болгон.

Техника тарыхын көрсөткөн бул музейде 17-кылымдан баштап бүгүнкү күнгө чейинки 50 миңден ашуун буюм сакталууда. Алар Кыргызстандын бардык облустарынан чогултулган. Арасынан сейрек кездешчү сыналгыларды, телефон аппараттарын, оптикалык жана жарык берчү приборлорду жана башкаларды көрүүгө болот.

Музейдин башкы милдети - баалуу жана уникалдуу экспонаттарды сактап калуу жана жайылтуу, өлкөдө өсүп келаткан жаштардын тарыхка кызыгуусун арттыруу. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: