super.kg logo
  Саясат  

Атамбаев: "Ошко газ берүү маселеси 2 айдын ичинде чечилет"

 

Республиканын түштүгүнө газ берүү маселеси 2 айдын ичинде чечилет. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-майда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди.

Кыргызгаз” “Газпромго” сатылып жатканда мени жамандап, бир топ акцияларды уюштурушту. Ошто да газ өчүп калды эле. Бирок мени жамандагандарга айтып коёюн, газ маселеси 2 айдын аралыгында чечилет”,- деди өлкө башчы.  

Ошондой эле “Датка-Кемин” көмөк чордонунун иши жакшы жүрүп жатканын айтты президент. Кыргызстандагы электр тармагы келечекте түндүк-түштүктү бириктирет. Эгерде ал бүтүп калса, Кыргызстандын түндүгүнө да жарык түз жетип калат”,- деп билдирди ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: