super.kg logo
  Саясат  

Валерий Диль Германиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

 
Бүгүн, 2-майда КРнын Вице-премьер-министри Валерий Диль Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Гудрун Среганы кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. 
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланды. Валерий Диль Германия мамлекети инвестицияларды тартуу багытында ийгиликтүү иш алып барып жаткан өлкөлөрдүн бири экенин белгилеп өттү.
“Менин оюмча, Германия Федеративдүү Республикасынын тажрыйбасын биздин өлкө үчүн колдонуу ийгилик алып келет. Бизге айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, жол куруу, энергетика, туризм, коомдун коопсуздугу багытында тажрыйба алмашуу маанилүү”,- деди Диль.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: