super.kg logo

Жылнаама, 3-май: Бир жыл мурун  "Манас" аэропортунан учуп чыккан АКШнын май куюучу учагы Чүй облусунун Панфилов районунун аймагына кулап, 3 экипаж мүчөсү каза тапкан

 

* Мындан 97 жыл мурун 3-майда Пишпектин калкы орус падышалык бийлигинин тактан кулагандыгын уккан. Архив материалдарына караганда, падышалык бийликтин талкалангандыгы туурасындагы кабар телеграф аркылуу Пишпек кызматына түшкөн. 

* 1990-жылдын 3-майында Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин кеңешмеси өтүп, анда коомдук тартип маселеси талкууланган. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы жана Компартия лидери А.Масалиев баяндама жасап, шаардыктар демократия менен баш аламандыкты алмаштырып алгандыгын баса белгилеген. 
* "Алга" футболдук командасынын "Спартак" стадионундагы акыркы беттешүүсүндө күйөрмандардын кагылышы жана "Кыргызэлектродвигатель" заводундагы мас жумушчулардын мушташы партия жетекчисинин нааразычылыгын жараткан.
2013-жылы 3-майда "Манас" аэропортунан учуп чыккан АКШнын май куюучу КС-135R учагы Чүй облусунун Панфилов районунун аймагына кулап, 3 экипаж мүчөсү каза тапкан. 
* Мындан 17 жыл мурун Дублинде үчүнчү ирет өткөн “Евровидение” сынагында орусиялык ырчы Алла Пугачёва “Примадонна” деген ыры менен 25 катышуучунун ичинен 15-орунду ээлеген. Алгач бул сынакка ырчы Валерий Меладзе Алла Пугачёванын "Примадонна" аттуу ыры менен бармак болуп, бирок катуу ооруп калган. Ошондон улам Алла Пугачёва өзү барууну чечкен.
 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.05.2014. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"А.Масалиев баяндама жасап, шаардыктар демократия менен баш аламандыкты алмаштырып алгандыгын баса белгилеген..."

Аябай таамай айткан экен. Бул азыр да актуалдуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: