super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Ооганстандын президенти Хамид Карзайга жер көчкүдөн курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты

 

Бүгүн, 3-майда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Ооганстандын түндүк-чыгышында болгон жер көчкүдөн курман болгондорго байланыштуу ооган президенти Хамид Карзайга көңүл айтты. Бул тууралуу КРнын Президентинин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан кырсыктан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тез сакайып кетүүсүн каалайбыз” деп жазылат президенттин катында.

Белгилей кетсек, 2-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00дө Ооганстандын Бадахшан провинциясындагы Хобо-Барик айылында жер көчкү жүрүп, айылдын үчтөн бир бөлүгүн басып калган. Жыйынтыгында 300 турак үй жер астында калган. Учурда ооган бийлиги 2500дөй адамдын дайынсыз экендигин айтууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: