super.kg logo

Бишкекте “Modern Talking” тобунун солисти Томас Андерс концерт берди (фото жана видеорепортаж)

 
Концертти алып баруучу Бакыт Байсариев ачып берди.
Концертке күбө болгон “Modern Talking” тобунун күйөрмандары.
“Modern Talking” тобунун солисти Томас Андерсти эл дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алды.
Концерттин уюштуруучусу Ислам Сатаров.

3-майда Бишкекте биринчи жолу “Ала-Тоо” эс алуу борборунун амфитеатрында легендарлуу “Modern Talking” тобунун солисти Томас Андерс концерт берди. 1980-жылдары Германиядан чыккан бул топ убагында дүйнөнүн эң популярдуу тобу болгон. Топтун жүрөктөн чыккан хит ырларына чоңойгон улуу муундун өкүлдөрү жана жаштар бүгүнкү концертте Томас Андерстин жандуу үн менен аткарган чыгармаларына кулак төшөштү. Ошондой эле жагымдуу чыгармалар аткарылып жатканда көрүүчүлөр жарпын жаза бийлеп, ырчыны дүркүрөгөн кол чабуу, кыйкырык-сүрөөн менен коштоп турушту.

Концерттин уюштуруучусу Ислам Сатаров: “Негизи эле дүйнөлүк масштабдагы жылдыздын Кыргызстанга келиши - бул өзү фантастика. Томас менен жарым жыл мурун таанышкам. Бат эле тил табышып кеттик. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин ал биздин мекенге келип концерт берүүгө макулдугун берди. Көргөнүңүздөй, эл мыкты кабыл алды. Белгиленген 60 мүнөттөн узагыраак болду. Уюштуруу жагынан кемчиликтер болгон жок, бардыгы ойдогудай өттү. Таң калганым, дүйнө жылдыздары бир ай калганда концерттин жүз пайыз акчасын алышса, мен болсо Томаска келгенден кийин бердим. Канча каражатка келгени коммерциялык сыр, аны айтуунун кажети жок”,- дейт.

Болдукан Анапияева, 45 жашта, көрүүчү: “Биз студент кезде “Modern Talking” тобунун ырларына бийлечүбүз. Мен Томасты кумир тутуп, абдан жакшы көрөм. Концертке келерде ага окшош кишини чыгарып коёт го деп ишенбей жаткам. Келип анын чыгармачылыгына күбө болгонума, өзүн көргөнүмө бактылуу болуп жатам”,- деп кубанычы менен бөлүштү.

Маалымат үчүн айта кетсек, бул концерттин билеттери 1000 сомдон 1500 АКШ долларына (6 адамга ылайыкталган VIP-орундуктар тамак-ашы менен) чейин сатылган. 


кошулду





Томас Андерс Бишкекте концерт берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 11 
Комментарийлер(65)
05.05.2014. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мезгилден артта калгандар коп экен арабызда, Ала-Тоо эс алуу борборун билбеген.
05.05.2014. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
deva, себеби коп жылдан бери чет жактабыз!
05.05.2014. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концерт 1500 доллар болушу толук мумкун, озгочо орундуктар деп коюшат го, тамак-памагы менен. Буларын жон акчага келбейт да. 1500 доллардан кылбаса Ислам брат аны кайдан тапмак эле, озунор деле ойлобойсунарбы. 10 чакты орунду сатса керек да 1500 доллардан
05.05.2014. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мени баарынан кубантканы элдин маанайы жакшы анан ал жерде коп улуттун окулдору бар экен бул деген биздин калктын денгээлинин жогоруланганынын белгиси
05.05.2014. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
орустар телефонго тартпай эле коруп олтурушат, биздикилер болсо...
05.05.2014. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tagokg, жакшылап коруп чыксаныз бар...
05.05.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы чоң концерт болуптур.Таң калдым. Азаматсыңар!
SUPER.KG видео
05.05.2014. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы жакшы))))
SUPER.KG видео
05.05.2014. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
jakwy tunuk bolboi kaluptyr gooo unu ugulbait... toluk versi9sy barby Super info?????????
SUPER.KG видео
06.05.2014. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сооонун болуптурго.Дагы да ушундай концерттер болуп турсун.
SUPER.KG видео
06.05.2014. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ислам Сатаровдун кезектеги шоусу эмеспи деги? Буга чейин дагы бироону алып келип кармалып калбады беле.Эгер чындап Томас Андерс болсо азамат )))
SUPER.KG видео
06.05.2014. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Суперчилерге эле жыргал журналист болбой убагында :))))))
SUPER.KG видео
06.05.2014. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super, dagy bashka jyldyzdardy chakyrgyla
SUPER.KG видео
06.05.2014. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кызык жакын арада москвага да келген эмес эле кантип сразу бишкеке барып калды экен ким аркылуу келди дейм да. Бир алды молодец анча мынча россиянын да артистери бара элек го
06.05.2014. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай дүйнө жылдыздарынын Кыргызстанга келиши абдан кубанычтуу, аны уюштургандар да азаматтар.
SUPER.KG видео
06.05.2014. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubanboss, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек.
Билдирүүңүз өчүрүлдү.
06.05.2014. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суппер сонун болгонго...
SUPER.KG видео
06.05.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ислам сатаровго рахмат кыргыз элине дуйного таанымал жылдызды чакырып концерт уюштуруп бергенине. келген эл да аябай ыраазы алыста журуп бизделе баргандай болуп калдык супер инфо силерге да рахмат жана ийгиликтерди каалаймын
06.05.2014. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Brother Louie Louie Louie
Oh she's only lookin' to me
Oh let it Louie
She's under cover
Brother Louie Louie Louie
Oh doin' what he's doin'
So leave it Louie
'cause I'm her lover

ох аттаа, сонун болгон тура,билсем бармакмын!
06.05.2014. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун болуптур
SUPER.KG видео
06.05.2014. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул концерттен кийин менин биздин ырчыларга болгон оюм орду-тубу менен озгорду. Талант, талант деп эле какшайбыз. Талант деген эмне экенин ушул Томастан байкасанар болот. Анын аткарган ар бир чыгармасы улуу муундун эле эмес, жаштардын дагы журогунон орун алганынан ынандым. Ырчы менен кошулуп ырдап, бийлеп энергия топтогон инсандарды коруп озун кубанасын!
SUPER.KG видео
06.05.2014. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы концерт болуптур ушундай атактуулар келип турушса биздин элибиз да маанайлары шанга болонуп 1саатка эс алып алышат экен рахмат уюштуруучуларга
SUPER.KG видео
06.05.2014. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Томас Андерс келди кетти ошол акчага мектеп же бала-бакча курулса абдан жакшы болмок бул жашоодо ырахат эмес сооп издеш керек
SUPER.KG видео
06.05.2014. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
80-жылдын муундарына жакшы маанай тартуулаптыр))Кобунчо аянтчада ушул музыкада черин жазган эски муундангы эже агайлар корунуп турат))))Азаматтар!!!
SUPER.KG видео
07.05.2014. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
En sonun menin jakshy korgon yrchym.Super Info-Maksat molodec!
SUPER.KG видео
07.05.2014. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун болуптур эх Бишкекте болгондо барат элем
SUPER.KG видео
07.05.2014. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн жогорку денгээлде болуптур. Менин эн суйуп уккан группам эле. Качанкы Модерин Токкин уну бир аз озгоруптур. Музыка десен музыка,ыр десен ыр. Эх концертке катышып келгендей маанайда болдум. Супер инфо жамааты сиздерге рахмат,ишиниздерге ийгилик!
SUPER.KG видео
07.05.2014. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок бул ырчынын ырларына.Олбос-очпос ырлар.Концерт соонун болуптур.
SUPER.KG видео
07.05.2014. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сахна эмне болуп калган? Норма эле жасап коюшпайбы көп эле атактуу ырчыларды чакырып жатышат. Кошуна казактардын сахналары Европадан калышпайт...
SUPER.KG видео
07.05.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
концерт эн сонун болуптур, биздин ырчылар качан ушинтип живой голос менен концерт берет
SUPER.KG видео
08.05.2014. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dieter Bohlen jok "Modern Talkingdin" Tomas Anderstin jalgyz yrdagany okwowpoi kalat eken. A tak molodtsy KGga uwundai jyldyzdardy alyp kelip jatkandary.
17.05.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Томас Андерс биринчи жолу келип атат да KGга,отдущи болуптур. Ислам Сатаровко рахмат жана ийгилик, дагы ушундай дуйнолук ырчылар келип турушса, Мисалы C.C.Catch дегендей,анда Кыргызстанды коп эл тааныйт. +++++++
Almanbet түзөттү 17.05.2014 15:10
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: