super.kg logo

Жылнаама, 6-май: Мындан 81 жыл мурун Жердин эң узак жашоочусу Ли Цинъюнь 256 жашында каза болгон

 
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Бишкекте “Алтын кен” компаниясында иштеген кытай кызматкерлерине кол салуу болгон. Кафеге тамактанууга киргенде, азиат улутундагы 3 жигит Ло Хаи Вандан 2 миллион сом салынган баштыкты алып качышкан.
 
 
* Кытай булактарынын маалыматына ылайык, мындан 81 жыл мурун, 1933-жылы эң узак жашоочу Ли Цинъюнь 256 жашында каза болгон. Ли Цинъюнь 1677-жылы Сычуань провинциясында туулгандыгы айтылып келет. Ал өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн тоолордо өткөрүп, дарылык касиети бар чөптөрдү чогултуп, узак жашоонун сырын изилдеген. 1748-жылы 71 жашында Кайсань шаарчасына көчүп келип, кытай армиясына согуш өнөрлөрүн үйрөтүүчү болуп иштей баштаган. 
1927-жылы Ли Цинъюнь Сычуандын губернаторунан чакыруу алып, анын мактоосуна татыктуу болгон. Ошол убакта анын сүрөтү тартылып калган. Экөөнүн жолугушуусунан 6 жыл өткөндөн кийин Ли Цинъюнь көз жумган. Өлөр алдында “Мен бул жашоодо колумдан келген нерсенин баарын аткардым. Эми үйүмө кетип жатам” дегени уламыш катары айтылып келет. Ал көз жумгандан кийин аймактын генералы Ян Сэнь Линин жашоосунун сырын жазып чыккан. 1933-жылы анын туугандарынан интервью алышканда, көпчүлүгү аны картаң бойдон эле көргөнүн айтышса, айрымдары анын чоң аталары менен достошуп келгенин айтышкан.
* 174 жыл мурун, 1840-жылы биринчи почта маркалары Англия мамлекетинде колдонууга киргизилген. Почта кызматы үчүн акы төлөмүн колдонуу идеясын Роулэнд Хилл ойлоп тапкан. Анын учкул идеясы кийин рыцардык титулга арзыган. 
 
* Англиянын футбол кубогу негизделген. Аталган кубок Англия футбол ассоциациясы тарабынан өткөрүлөт жана дүйнөдө эң эски футбол мелдеши болуп эсептелинет. Мелдешке Англия чемпиондугундагы бир топ футбол клубдары ат салыша алышат. Кубоктун алгачкы оюндары 1871-1872-жылдары болуп өткөн. Бул турнирди эң көп жолу (11 жолу) "Манчестер Юнайтед" футбол клубу жеңген.
6-майга карата Кыргызстанда жана дүйнөдө болгон окуяларды толугу менен бул жактан  окуй аласыздар. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
05.05.2014. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тобо кылдым)
06.05.2014. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ишенбейм сага деген ыры бар да деген ыр бар беле мирбектин
06.05.2014. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ммм тообо 2 журогу бар окшойт
06.05.2014. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Көөп жолу окуп чыккандан кийин тоого жашагым келип калды. Бирок буга деле кыйын болсо керек, бардык жакын туугандарын жашап өткөн, аркы дүйнөгө узаткан.
06.05.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кытай кишинин узак жашаганы кызык экен .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: