super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады

 

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды 5-Май - Конституция күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда президенттин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады. 

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу мекендештер! 1993-жылдын 5-майында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусунун белгиси – эгемендүү Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган. Өлкөнүн Конституциясы карапайым элдин эркиндикке жана теңдикке, адилеттүүлүккө жана мыйзамдуулукка болгон ишенимин арттырып, келечекке чоң үмүт жараткан. Бардык кыйынчылыктар артта калды деп, элибиз жакшы тилек менен жашай баштаган. Бирок көп узабай Конституциянын негизсиз жана одоно өзгөртүлүшү, башка себептер менен бирге Кыргызстанда коррупциянын тамырлашына, үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун орношуна шарт түздү. Жарандардын укугун жана эркиндигин тебелеп-тепсөөгө жол ачты. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары Кыргызстан үчүн оор сыноолордун жана жоготуулардын мезгилине айланды. Далай мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгардык. Бирок карапайым элибиздин сабырдуулугу, өлкөнүн жаркын келечегине ишеними мамлекеттүүлүгүбүздү, Кыргызстаныбызды сактап калды. 

Ардактуу мекендештер! Бардыгыбыз Кыргызстан күчтүү жана бакубат болсун деп кыялданабыз. Өлкөбүз менен сыймыктангыбыз келет. Тынчтыкта жашап, балдарыбызды тарбиялап, туулган жерибизде, өз мекенибизде жашап, эмгектенгибиз келет. Биз ошол кыялды ишке ашырууга милдеттүүбүз. Мекенибизди сактап, өнүктүрүүгө тийишпиз. Келечекти ойлоп, чымырканган эмгекке, жаратмандыкка үйрөнөлү. Мыйзамды урматтоого, абийирди таза сактоого көнөлү. Элдин ишенимин актап, жаңы Кыргызстанды куралы.

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм! Жаратканыбыз Кыргызстанга тынчтык жана  бейпилдик берсин!"

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: