super.kg logo
  Саясат  

Ливия: Премьер-министрликке талапкер жетиштүү добуш ала алган жок

 

Ливия парламентинин төрагасынын орун басары Салех аль-Махзоун премьер-министрди шайлоонун жыйынтыгында талапкер жетиштүү добуш ала албаганын бүгүн, 5-майда чет элдик маалымат булактарына билдирди.   

Премьер-министрликке талапкер Ахмед Миитик Жалпы улуттук конгресс (убактылуу парламент) мүчөлөрүнүн керектүү добушуна ээ боло алган эмес. Ал 113 добуш алган. Жеңишке жетүү үчүн жалпы 120 добушка ээ болуш керек”,- деди Салех.

Ал эми учурдагы министрлер кабинети кийинки шайлоого чейин өз милдетин аткарат. Бирок премьер-министрди тандоо качан болору азырынча белгисиз.

Эске салсак, өлкөнүн экс-премьер-министри Абдалаа ат-Тани 2014-жылдын 13-апрелинде отставкага кеткен. Анын себебин өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн өмүрүнө коркунуч жаралып жатканы менен түшүндүргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: