super.kg logo

Бишкекте “Эгемендүү Кыргызстан Бажы биримдигине каршы!” аттуу акция өттү

 
"Бажы биримдигине каршы!" аттуу акциянын жүрүшүнөн
Аталган акциянын жүрүшүндө милиция кызматкерлери коопсуздукту көзөмөлдөп турушту.
Иш-чаранын жүрүшүнөн
Акцияда Орусиянын президенти Владимир Путиндин, КРнын Экономика министри Темир Сариевдин жана белгилүү орусиялык журналисттердин кыргызстандыктарга сыналгы аркылуу Бажы биримдиги боюнча туура эмес маалыматтарды бергени көрсөтүлдү.
Айрым активисттер ушундай жазууларды жонуна чаптап жүрүштү.
Акциянын жүрүшүнөн

Бүгүн, 5-майда Бишкек шаарындагы Курманжан датканын эстелигинин жанында (Чүй проспекти менен Эркиндик бульварынын кесилиши) “Эгемендүү Кыргызстан Бажы биримдигине каршы!” аттуу акция өттү. 

Уюштуруучулардын бири Гүлзада Медералиева буларга токтолду: “Биз бүгүн Кыргызстандын Бажы биримдигине кирбеши боюнча өз ойлорубуз менен бөлүшөлү дедик. Эгер өлкөбүз бул уюмга кирсе, Кыргызстан көз карандысыздыгын жоготуп алышы толук мүмкүн”.

Акцияда "Орусиянын президенти Владимир Путин, КРнын Экономика министри Темир Сариев жана орусиялык журналисттер кыргызстандыктарга телевидение аркылуу Бажы биримдиги боюнча туура эмес маалымат берүүдө" деген пикир жасалма телевизордон чагылдырылды.

Жалпысынан акцияга 50гө чукул адам катышты. Алардын арасында экономикалык серепчи Азамат Акелеев, укук коргоочу Динара Ошурахунова жана башкалар болушту.

Акелеев: “Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, терс таасирлерге кабылат. Жакында изилдөө жүргүздүк. Албетте, Бажы биримдигине кирүүнүн жакшы жактары деле бар, бирок терс жактары көбүрөөк. Мисалы, унаалардын баалары 100 пайызга өсүшү мүмкүн”,- деди серепчи. 






Бишкекте "Эгемендүү Кыргызстан Бажы биримдигине каршы!" аттуу акция өттү

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(35)
05.05.2014. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
мисал учун мен Питерде 7 жылдан бери журом Бажы биримдигине киргендин эч кандай пайдасы жок. Мигранттарга женилдик болот дейт эч кандай болбойт,болушу мумкун документ жактан,бирок баягы эле карасында ошондо деле менттери кармап тажататда.
Модератор admin_portal түзөттү 05.05.2014 15:13
05.05.2014. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Болгон пайда биздин границаны козомол кучойт
05.05.2014. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AriAdi, чек арага эмне орустар курал кармап туруп бермек беле?! Барыбир озубуз карайбыз го. Азыр билбей атсан, тсга откондо билесин канчалык денгелде зыяны бар экенин. ТСга таптакыр кошулбаш керек.!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: