super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Кыргызстан менен Казакстандын студенттери тажрыйба алмашуусу керектигин айтты

 

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 4-майда Казакстандын Астана шаарындагы Нурсултан Назарбаевдин атын алган университетке барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Премьер-министр аталган окуу жайдын башчысы Шигео Катсу жана окутуучулар менен жолугушту.

Жолугушууда Оторбаев Казакстандын окуу жайлары менен Кыргызстандын окуу жайларынын кызматташтыгын активдештирүү керектигин жана эки өлкөнүн студенттери менен окутуучулары тажрыйба алмашып, биргелешкен иш-чараларды өткөрүшү керектигин билдирди. Жолугушууда өкмөт башчы окуу жайдын иш жыйынтыктары жана пландары менен да таанышканы айтылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: