Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталып, "Дордой" базарында 2 кабаттуу 40 тонналык контейнер ичиндеги товарлары менен күйүп кетти
Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 5, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Бишкек шаарындагы “Дордой” базарында өрт чыккан. Анда 2 кабаттуу 40 тонналык контейнер ичиндеги товарлары менен күйүп кеткен. Тилсиз жоонун келип чыгышына электр жабдууларын куроодогу эрежелердин бузулушу себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.