Славянскта каза болгондордун саны 20га жеткени айтылды
Украинанын Славянск шаарындагы кагылышууда каза болгондордун саны 20 адамга жетти. Муну 6-майда Славянск шаарынын өзүн-өзү коргоо штабынын өкүлдөрү билдиргенин орусиялык ММКлар жарыялашты. “20 полчан каза таап, ондогон карапайым адамдар жаракат алганын болжолдоп жатабыз”,- дейт булак.
Айта кетсек, буга чейин украиналык күч түзүмдөрүнүн огунан 10 адам каза тапканы айтылган эле.
Ал эми Украина бийлиги 5-майдагы кагылышууда 4 аскер кызматкери каза таап, 30у жаракат алганын жарыялады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

