super.kg logo
  Саясат  

Өлкө башчы Тышкы иштер министрлиги ишмердигинде Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын көздөөгө тийиш экендигин айтты

 

Бүгүн, 6-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө чет элдик өнөктөштөр менен мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүү боюнча Тышкы иштер министрлигинин ишмердиги тууралуу маалымат берилди.

Президент менен тышкы иштер министри өлкөнүн түрдүү эл аралык уюмдарга катышуусу боюнча учурдагы маселелерди, ошондой эле жогорку деңгээлде чет өлкөлөр менен жакын арадагы байланыштар туурасында маселелерди талкуулады. Мындан сырткары стратегиялык өнөктөштөр менен бирдикте ишке ашырып жаткан инфраструктуралык ири объектилердин курулуштарынын жүрүшү дагы каралды.

Мамлекет башчы Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын чет мамлекеттер менен мамилелерин өз ара пайдалуу негизде чыңдоо, эл аралык уюмдардын алкагында ишмердикти жандандыруу боюнча багытын мындан ары уланта берүү зарыл экендигин белгиледи.

Алмазбек Атамбаев Тышкы иштер министрлиги өз ишмердигинде ар дайым Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын көздөөгө тийиш экендигин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: