super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда Баатыр эне орденин берүү жөнөкөйлөтүлгөнү жатат

 

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 6-майдагы жыйынында Баатыр энелерге орден ыйгаруу жоболорун жөнөкөйлөштүрө турган "Баатыр эне орденинин статусу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Депутат Абдыманап Кутушевдин айтымында, мыйзамдан сыйлыкка көрсөтүү демилгесин мэрия менен макулдашуу сыяктуу ашыкча талаптар алынды.

Ошону менен бирге балдарынын бири соттолгон жарандарды деле Баатыр эне орденине көрсөтүү сунушу да кабыл алынган жок. Анткени орден балдарынын санына карата гана эмес, аларга татыктуу тарбия берүү менен коомго кошуу эмгеги үчүн берилет.

Комитет мындай тыянакка келди: Баатыр эне орденине айыл өкмөтү сунуш кылып, ал райондун акимине жөнөтөт. Аким президенттин кароосуна киргизет. Президенттин өкүлүнүн "Баатыр эне орденине көрсөтүү КРнын Өкмөтүнүн облустардагы өкүлдөрү тарабынан киргизилсин" деген сунушу колдоо тапкан жок.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: