super.kg logo

“Улуу Согуш жолу балдардын көзү менен” аттуу көргөзмөнүн ачылыш аземи болуп өттү (фоторепортаж)

 
Аземге Беларусь мамлекетинин КРдагы элчиси Виктор Денисенко, Кыргызстандагы Орусия кызматташтыгынын жетекчиси Алексей Зенько, коомдук-саясий ишмер Ишенгүл Болжурова катышты.
Аземге күбө болгон көрүүчүлөр.
Аземдин ачылышында согуш темасында ырлар айтылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө согуш темасы сахналаштырылып көрсөтүлдү.
Аземде өнөрлөрүн көрсөткөн бий тобу.
Аземге күбө болгон көрүүчүлөр.
Беларусь мамлекетинин КРдагы элчиси Виктор Денисенко: "Сынакка таланттуу балдар катышыптыр. Согуш темасы алардын көзү менен мыкты чагылдырылыптыр",- деп баса белгиледи.
Сыйлык тапшыруу учурунан.
Көргөзмөнүн кызыл лентасын кесүү учурунан.
Жогорку жаштагы категория боюнча 1-орунду багынткан Дарика Бакееванын "Жеңиш менен кайтып кел" аттуу эмгеги.
1-орунду багынткан 15 жаштагы Дарика Бакеева: "Мен бул сынакта 1-орунду алам деп күткөн эмесмин. Абдан кубанып жатам".
Жогорку жаштагы категория боюнча 3-орунду алган Вероника Залесская тарткан сүрөт.
Орто жаштагы категория боюнча 2-орунду ээлеген 12 жаштагы Мадина Эгембердиеванын "Биздин баатырлар" эмгеги.
"Үйгө кайтып келүү", автору Аделя Зарипова, 11 жаш.
"Буктурмада", автору Бермет Искакова, 16 жаш.
"Жеңиш ыйы", автору Анна Белоусова, 16 жаш.
"Жеңиштин кубанычы", автору Дарья Удалова, 15 жаш.
"Брест сепили", автору Нуртемир Иманбеков, 17 жаш.
"Согуш балдары", автору Катя Жукова, 14 жаш.
Көргөзмөгө коюлган сүрөттөргө кызыгуу менен көз салган кыздар.
"Жеңиш күнү", автору Алина Мусина, 9 жаш.
"Жарадар жүрөк", автору Дилде Боронбаева, 14 жаш.

Бүгүн, 6-майда Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде “Улуу Согуш жолу балдардын көзү менен” көргөзмө-сынагынын ачылыш аземи болуп өттү. Көргөзмө Улуу Жеңиш күнүнө жана Беларусту фашисттерден бошотуунун 70 жылдыгына арналган.

Аземге Беларусь мамлекетинин КРдагы элчиси Виктор Денисенко, Орусия кызматташтыгынын жетекчиси Алексей Зенько, коомдук-саясий ишмер Ишенгүл Болжурова катышты.

Аталган көргөзмөгө Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Шаардык балдар сүрөт мектеби жана “Балажан” республикалык методикалык борборунун тарбиялануучуларынын эмгектери коюлган. Алардын арасынан иргелип алынган мыкты тартылган сүрөттөр төмөнкү номинациялар боюнча сыйланышты:

Жогорку жаштагы категория боюнча:

1-орун – Дарика Бакеева   

2-орун – Екатерина Жукова

3-орун – Вероника Залесская  

Орто жаштагы категория боюнча:

1-орун – Дмитрий Лихолетов

2-орун – Мадина Эгембердиева

3-орун – Вероника Чумачок

Кичүү жаштагы категория боюнча:

1-орун – Ильяна Бекболотова

2-орун – Аманбек Өмүрбеков

3-орун – Анель Абдылдаева

Иш-чаранын жүрүшүндө келген конокторго чакан концерттик программа да тартууланды.

Белгилей кетсек, бул көргөзмө 11-майга чейин уланмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.05.2014. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар десе, андай согушту эч ким көрбөсө экен эми. Таланттар...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: