Филармонияда Кыргызстан менен Швейцариянын 20 жылдык кызматташтыгына арналган кече өткөрүлөт
19-майда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргызстан менен Швейцариянын 20 жылдык кызматташтыгына арналган кече өткөрүлөт.
1994-жылдан бери Швейцария Кыргызстанга жалпы суммасы 18 миллиард сомдук техникалык, финансылык, гуманитардык жардамдарды көрсөткөн. Муну менен катар саламаттыкты сактоо, инфраструктура жана жеке секторлорго көмөк көрсөтүп келүүдө.
"Иш-чарага Швейцариянын кызматташтык башкармалыгынын башкы башчысы Мартин Дахинден жана швейцариялык бейөкмөт уюмунун президенти Эльмар Ледергербер катышат. Мындан тышкары мамлекеттик структураларда, эл аралык жана көз карандысыз уюмдарда кызмат кылган 500 конок чакырылган",- деп билдирет уюштуруучулар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.