super.kg logo

Жалал-Абадда мугалимдердин катышуусунда 10 чакырым аралыкка жүрүш жасалды 

 

Жалал-Абад шаарынын Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылында  9-10-11-класстарынын окуучулары, Жалал-Абад медициналык колледжинин студенттери жана алардын мугалимдеринин катышуусунда  10 чакырым аралыкка марш-бросок менен жүрүш жасалды. Бул тууралуу 7-майда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага жалпысынан 500дөн ашуун адам катышып, алгачкы аскердик даярдыктардан өтүштү. Аларга милиция  кызматкерлери тарабынан күжүрмөн даярдык боюнча сабактар өтүлүп, орнотулган буталарга Макаров тапанчасынан,  Калашников автоматынан ок атышып зачёттук сынактарды тапшырышты. 

Аягында мектеп окуучулары, студенттер граната ыргытуу, эстафета, аркан тартыш жана кол күчүн сыноо боюнчаат салышышып, жеңген командаларды Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги диплом жана баалуу белектер менен сыйлады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.05.2014. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ваау менин айылым го! Айылымды сагынып кеттим)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: