Жылнаама, 9-май: Мындан 69 жыл мурун фашисттик Германия Советтер Союзуна багынып берүү жөнүндө келишимге кол койгон

* Мындан 81 жыл мурун, 1933-жылы Орто Азия округунун атайын бөлүмүнүн жооптуу кызматкери Левшиндин буйругу боюнча Абдыкерим Сыдыков, Турду Акун Сопиев, Султан Курманов, Ишеналы Арабаев, Касымбай Телтаев жана Найзабек Тулин камакка алынган.

*
Мындан 53 жыл мурун, 1961-жылы Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары Исхак Раззаков ар кандай куру шылтоолор, далили жок фактылардын негизинде кызматтан бошотулган. 1961-жылы үй-бүлөсү менен Москвага көчүрүлүп, Исхак Раззаков
1965-жылга чейин СССРдин Экономикалык кеңешинин тамак-аш бөлүмүнүн
башчысы, 1965-1967-жылдары СССРдин мампланынын бөлүм башчысы болуп
иштеп, ден соолугуна байланыштуу 57 жаш курагында пенсияга чыккан.
Өмүрүнүн акырында Москвада жашаган 18 жыл ичинде Кыргызстанга бир ирет,
аз гана убакытка келип кеткен. 1979-жылы кыргыз элинин улуу уулу Исхак
Раззаков дүйнөдөн кайтып, Москвадагы Кунцев мүрзөсүнө коюлган. Ал эми
2000-жылы 1-июнда Исхак Раззаковдун сөөгү Кыргызстанга алынып келинип,
бардык жөрөлгөсү менен коюлган.

8-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.