super.kg logo

Кыргызстандын цирк артисттери дельфия оюндарында байгелүү орундарга ээ болушту

 

2-7-майга чейин Орусиянын Волгоград жана Волжский шаарларында өткөн дельфия оюндарында Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери Мурат кызы Алымкан 3-орунду, ал эми Кайратбек Тилеков 4-орунду багындырды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Кыргыз циркинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул оюнда Алымкан аба гимнастикасы жанрында, Кайратбек болсо жонглёр жанрында өз өнөрлөрүн тартуулашкан. 

Белгилей кетсек, дельфия оюндарына Кыргызстандан 47 адамдан турган делегация жөнөп кеткен. Алар: музыкалык мектептин, окуу жайдын, цирктин окуучулары, калыстар тобу жана Дельфия оюндарын өнүктүрүү комитетинин өкүлдөрү.

Маалымат үчүн айта кетсек, дельфия оюндары – искусство жаатындагы жергиликтүү жана эл аралык ар тармактуу сынактар, фестивалдар, көргөзмөлөр, жолугушуулар. Дельфия оюндары жаштардын жана чоңдордун арасында байма-бай жүргүзүлүп келет. Аталган оюнга көптөгөн катышуучулар катышып, жеңүүчүлөр аныкталат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: