super.kg logo

Жалал-Абад облусунда тоок этинен жасалган шишкебектен 20 киши ууланды

 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылында 20 киши тоок этинен жасалган шишкебектен ууланды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана экспертиза департаментинин басма сөз катчысы Шабдан Рыскулов билдирди.

“Жабыр тарткандардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Бул үй-бүлө Масы айылындагы "Эркин Ахун-Ата" кафесинде 1-май күнү отуруш уюштурушкан. Алардын баары тоок этинен жасалган шишкебек жешкен. Арткан тоок этин үйлөрүнө ала кетишкен. Отуруштагы үй-бүлөнүн 20 мүчөсүнүн 9у 16 жашка чейинки балдар. Алар 2-3 күн өздөрүн жаман сезип, жүрөктөрү айланып, жергиликтүү ооруканага кайрылышкан”,- дейт Ш.Рыскулов.

Жабыр тарткан 3 жаран Майлы-Суудагы аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө,12 киши Ноокен аймактык ооруканасына жаткырылып, 4 бейтапка амбулатордук дарылануу сунушталган. Учурда үчөө үйүнө чыгарылды. Калгандарынын абалы канааттандырарлык.

Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан кафенин иши убактылуу токтотулду. Тергөөнүн толук жыйынтыгы текшерүүдөн соң чыгат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
07.05.2014. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuday saktaaaa
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: