super.kg logo

Абакир Эсенбаев, дарыгер: "Ошто маммолог адистери жетишпейт"

 

Бүгүн, 8-майда Оштогу Онкология борборунун башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу Абакир Эсенбаев маммолог адистеринин жетишпей жатканын билдирди.

Анын айтымында, 2013-жылы аялдардын көкүрөк безине 270 операция жасалган. Ал эми бул илдеттен каза болгондордун саны 32ге жеткен.

“Жылдан-жылга онкология оорусуна кабылгандардын саны көбөйүп жатат. Биздин борбор 100 гана орунга ылайыкташкан. Анын арасында терапия, хирургия, гинекология бөлүмдөрү бар. Бардыгында бейтаптар толуп турат. Кезек күткөндөрдүн саны көп. Алар кээде 5 күн, кээде 10 күн кезек күтүп калышат. Анан да маммологдор жетишпейт. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Жалал-Абад жана Баткен облустарына да онкология борборлорун ачуу керек”,- дейт ал.

Айта кетсек, Оштогу Облустар аралык онкология борбору өлкөнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын тейлеген жалгыз борбор болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: